Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:00

Исламабаддагы "бетме-бет сүйлөшүү". АКШ менен Иран мунаса тапкан жок

 Вэнс Иран менен 21 сааттан ашык созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин Пакистандан учуп кеткен. 12-апрель, 2026-жыл, Исламабад
Вэнс Иран менен 21 сааттан ашык созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин Пакистандан учуп кеткен. 12-апрель, 2026-жыл, Исламабад

АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс Исламабаддагы сүйлөшүүлөрдөн кийин АКШ менен Иран келишимге жетише албаганын жарыялады. Исламабадда АКШнын, Ирандын жана Пакистандын делегациялары бир бөлмөдө "бетме-бет" сүйлөшүп жатканын буга чейин Ак үйдүн өкүлү билдирген.

Пакистандын борборунда АКШ менен Ирандын сүйлөшүүлөрү 21 саатка созулду. Бирок дипломатиялык сүйлөшүүдөн жылыш болгон жок.

АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс 12-апрелдин таңында жабык отурумдан чыгып, диалог "маңыздуу" болгону менен, Тегеран аягында Вашингтондун коопсуздук боюнча негизги талаптарынан баш тартканын жарыялады.

АКШнын вице-президентинин басма сөз жыйыны 12-апрелде эртең менен Пакистандын телеканалынан көрсөтүлдү.

"Биз бул маселенин үстүндө 21 сааттан бери иштеп жатабыз... Биз ирандыктар менен бир катар маанилүү талкууларды жүргүздүк. Бул жакшы жаңылык, - деди Вэнс. - Жаман жаңылык - биз келишимге жетише элекпиз. Менимче, бул Иран үчүн АКШга караганда алда канча жаман жаңылык".

Вэнс АКШ администрациясынын "негизги максаты" Ирандын өзөктүк курал даярдоосуна жол бербөө экенин белгиледи. Ал эки тараптын ортосундагы ажырым кенен деп мүнөздөдү.

Вэнс америкалык делегация сүйлөшүүнүн аягына чейин президент Дональд Трамп жана анын коопсуздук командасы - коргоо министри Пит Хегсет жана мамкатчы Марко Рубио менен дайыма байланышып турганын белгиледи.

Ирандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Исмаил Бахаи сүйлөшүүлөрдүн ийгилиги Вашингтондун "ашкере талаптардан жана мыйзамсыз өтүнүчтөрдөн карманганына" жараша болорун, Ирандын "кызыкчылыктары жана укуктары мыйзамдуу" экенин социалдык тармакта билдирди.

Ал "интенсивдүү" жолугушууларды Ормуз кысыгы, согуштук компенсациялар жана "Иранга каршы согушту толугу менен токтотуу" сыяктуу түрдүү нааразычылыктарды камтыйт деп мүнөздөдү.

Пакистандын борбору Исламабадга АКШ менен Ирандын жогорку даражалуу өкүлдөрү барды. Бул өлкөдөгү соңку 40 жылдан берки эң маанилүү дипломатиялык иш-чара. Эки тарап Пакистандын ортомчулугу менен эки аптага ок атышууну токтотуу келишимине жетишкен жана сүйлөшүүнү улантууну макулдашкан.

Пакистандын премьер-министри Шехбаз Шариф Иран делегациясы менен сүйлөшүүлөрдөн кийин АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс менен жолугушту.

Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусуна жакын Fars маалымат агенттиги Иран өкмөтүндөгү булактарга шилтеме берип, Тегеран делегациясы Шариф менен сүйлөшүүлөрдөн кийин АКШ делегациясы менен түз же ортомчу аркылуу сүйлөшүү жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн талкуулап жатканын билдирди.

Ирандын мамлекеттик телеканалынын 11-апрелдеги Бишкек убактысы боюнча саат 16:00гө карата маалыматында Ирандын делегациясы Пакистандын борбору Исламабадда бул өлкөнүн премьер-министри Шехбаз Шариф менен жолугушуу баштаганын кабарлаган.

Телеканал анда АКШнын "убада бузганын" талкуулоо каралганын кабарлады жана буга Израилдин Ливандын аймагын аткылоосун токтопой жатканы негиз экенин билдирген.

Тегеран Ливанга каршы чабуулдарды АКШ менен Ирандын ортосунда бир нече күн мурда жетишилген мунасанын бузулушу деп атоодо.

Ал эми Вашингтон Иранды "Ормуз кысыгын дээрлик толугу менен бөгөттөп турат" деп мунасанын бузулушуна Тегеранды айыптоодо.

АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс жетектеген америкалык расмий өкүлдөр делегациясы, анын ичинде президент Дональд Трамптын атайын чабарманы Стив Уиткофф жана күйөө баласы Жаред Кушнер Исламабаддагы аба базасына 11-апрелде эртең менен конду.

Жей Ди Вэнс Исламабадда
Жей Ди Вэнс Исламабадда

Аларды Пакистан армиясынын штабынын башчысы фельдмаршал Асим Мунир жана тышкы иштер министри Исхак Дар тосуп алышты.

Ирандын парламент төрагасы Мохаммад Бакер Галибаф жана тышкы иштер министри Аббас Аракчи жетектеген расмий делегациясы Исламабадга 10-апрелде барган.

Бул 1979-жылдагы Ирандагы Ислам революциясынан берки Вашингтон менен Тегеран ортосундагы эң жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөр жана 2015-жылы Ирандын өзөктүк программасы боюнча келишимге кол коюлгандан берки эки тараптын ортосундагы биринчи расмий сүйлөшүүлөр болуп калмакчы.

Мохаммад Бакер Галибаф (ортодо) Исламабадда
Мохаммад Бакер Галибаф (ортодо) Исламабадда

Ирандык Tasnim агенттигинин кабарлашынча, Тегеран менен Вашингтондун сүйлөшүүсү күндүн экинчи жарымына пландалууда.

“Азырынча сүйлөшүү бир күндүк деп пландалууда”, - деп жазды агенттик.

Мурдараак Галибаф АКШ менен Ирандын сүйлөшүүлөрү башталганга чейин Ливанды аткылоону токтотууну жана Ирандын бөгөттөлгөн активдерин бошотууну талап кылган.

Мындай билдирүүлөрдөн кийин АКШ президенти Дональд Трамп өзүнүн Truth соцтармагына “ирандыктар дүйнө коомчулугун эл аралык суу жолу менен кыска мөөнөттүү шантаж кылуудан башка колунда эч нерсеси жок экенин сезбей жатат окшойт” деп жазган.

Reuters агенттиги өзүнүн ирандык булактарына таянып АКШ Ирандын Катардагы жана башка чет өлкөлөрдөгү банктардагы активдерин бошотууга макул болгонун жазды. Сөз 2018-жылы Иранга каршы санкция салынганда тоңдурулган 6 млрд доллар тууралуу болушу мүмкүн.

АКШ менен Израил Ливан атышууну токтотуу тууралуу келишимге кирбей турганын билдирүүдө. Тегеран Ливанды аткылоону токтотуу келишимдин шарттарынын бири экенин айтууда.

Axios басылмасы Ливан менен Израилдин түз сүйлөшүүсү кийинки аптада Вашингтондо болорун жазды. Анда атышууну токтотуу тууралуу сүйлөшүүлөрдү баштоо талкууланат.

Израил менен АКШ Иранга каршы аскердик операциясын 28-февралда баштаган. Америка лидери Дональд Трамп согуштун башкы максаты Тегерандын өзөктүк куралга ээ болушуна жол бербөө экенин айткан.

Өзөктүк программасы тынчтык максатын гана көздөй турганын белгилеген Иран алардын чабуулуна жооп кылып, Кошмо Штаттардын Перс булуңундагы аскер базаларына жана союздаштарынын инфратүзүмүнө сокку уруп келди.

7-апрелде Трамп эгер Иран келишимге келбесе анын бүтүндөй цивилизация жок болорун эскерткен.

8-апрелде тараптар атышууну эки апта токтото туруу жөнүндө мунасага келгенин жарыялашкан.

Вашингтон да, Тегеран да муну өз жеңиши катары сыпатташкан.

Эмнеге эки тарапты элдештирүүгө Пакистан киришти?

Дүйнөнүн көңүлү ушул күндөрү Исламабадда. Пакистандын башкалаасындагы оймо түшүрүлгөн, жыгач каланган дубалдары жана роза формасындагы шам чырактары менен белгилүү Serena Hotel мейманканасы жогорку даражалуу коноктор үчүн толугу менен бошотулду.

Буга чейин орун ээлеп койгон меймандарга кенемте төлөнүп, башка жактарга которулду.

Эки күндүк эс алуу жарыялангандыктан калаа дээрлик бош калды.

Кадам сайын коопсуздукту камсыздоого тартылган полиция кызматкерлерин, аскерлерди көрүүгө болот. Алардын жалпы саны он миңге жетет.

"Бул эл аралык маселеде Пакистан абдан жакшы роль ойнойт. Пакистан бул маселеде лидер болуп, дүйнөдө тынчтыктын булагына айлансын деп Алладан тилейм. Кудайга шүгүр, бүгүн өкмөт бүтүндөй шаарда эс алуу жарыялады. Бул сүйлөшүүлөр тынч өтүшү үчүн жасалды. Алла бизге ийгилик берсин”,-дейт Исламабаддын тургундарынын бири.

АКШ-Иран делегацияларынын сүйлөшүүсү өтөрү күтүлүп жаткан мейманкана
АКШ-Иран делегацияларынын сүйлөшүүсү өтөрү күтүлүп жаткан мейманкана

Адатта эл аралык жаңылыктарда коопсуздук маселелери жана туруксуз экономикасы менен белгилүү болгон Пакистан бул жолу Вашингтон менен Тегерандын ортосундагы алгачкы түз сүйлөшүүлөргө аянтча болору күтүлүүдө.

Жолугушуунун максаты – бир нече жумага созулган, миңдеген адамдардын өмүрүн алган жана дүйнөгө таасир эткен согушту токтотуу.

Бул жетишкендик Исламабад менен Ак үйдүн ортосундагы мамиле канчалык өзгөргөнүн көрсөтөт. Анткени буга чейин АКШнын бир нече администрациясы, анын ичинде Трамптын өкмөтү да, Пакистанды Ооганстандагы талибдерге каршы НАТО-АКШ согушу учурунда “кош оюн” жүргүздү деп айыптап келген.

АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс 2011-жылдан бери Пакистанга келген эң жогорку даражалуу америкалык расмий өкүл.

Аналитиктер белгилегендей, Пакистандын ортомчу болушу анын дүйнөлүк аренадагы ролун олуттуу жогорулатты.

Пакистан эмнеге согушту жөндөөгө киришти?

Пакистан менен Ирандын чек арасы 900 чакырымды түзөт. Бул чек ара Ирандын Систан-Белужистан провинциясы менен Пакистандын Белужистан аймагын бөлүп турат. Эки аймакты байырлаган белуж этникалык топтору узак убакыттан бери Тегеран менен Исламабаддагы бийликке нааразы болуп келишет.

Андан тышкары чөлкөмдө бир катар куралдуу топтор бар. Алардын арасында Иранга каршы багытталган «Жайш ал-Адл» (мурунку «Жундуллах») уюму, ошондой эле Пакистан тараптагы белуж жекчил топтору бар.

Перс булуңундагы башка ислам өлкөлөрүнөн айырмаланып Пакистанда АКШнын аскердик базалары жок жана ал Ирандын ракеталык же дрондук чабуулдарынын бутасына айланган эмес.

“Эгер согуштун айынан башаламандык күчөп, Ирандагы режим алсырап, өлкө ичинде, айрыкча түштүк-чыгыштагы Систан-Белужистан аймагында туруксуздук жаралса бул Пакистан үчүн өтө кооптуу жагдай болот. Эмне үчүн? Анткени Пакистан буга чейин эле батыш тарабында туруксуздукка туш болуп жатат. Инд дарыясынын батышындагы аймактарда "Техрик и-Талибан Пакистан" тобунун жана белуж козголоңчуларынын аракеттеринен улам Пакистан бул эки көйгөй менен бир учурда күрөшүп жатат”,- деди башкы кеңсеси Вашингтондо жайгашкан "Жакынкы Чыгыш саясаты боюнча кеңеш" уюмунун улук эксперти Камран Бохари “Рейтер” агенттигине курган маегинде.

Адистер Пакистан мунайга бай Перс булуңундагы өлкөлөр менен байланыштарын бекемдеп, Иран менен каалабаган жаңжалга аралашып кетүү коркунучунан да сактанганын белгилешет. Айрыкча былтыр Исламабад менен стратегиялык өз ара коргонуу келишимине кол койгон Сауд Арабиясы да бул согушка тартылып кетиши мүмкүн болчу.

“Бул согуш уланып, Иран агрессивдүү түрдө чабуулдарын күчөтүп, Сауд Арабиясына соккуларды көбөйтсө, анда Пакистан менен Сауд Арабиясынын ортосундагы стратегиялык өз ара коргонуу келишими ишке кириши мүмкүн. Ал эми Пакистан мындай жолго түшүүнү каалабайт. Өлкө аскердик жаңжалга түз аралашкысы келбейт, бирок согуш күчөп кетсе мындай сценарийге мажбур болушу мүмкүн эле”, - дейт Камран Бохари.

Лондондогу Кингс коллежинин согуш изилдөөлөрү бөлүмүнүн илимий кызматкери Аиша Сиддиканын айтымында, “согушка кирүү оңой, бирок андан чыгуу абдан кыйын”.

Сиддиканын белгилешинче, аймакта Иран менен да, АКШ менен да сүйлөшө алган жалгыз өлкө Пакистан болду жана ал бул мүмкүнчүлүктү туура пайдаланды.

Андан тышкары Пакистан Ирандын Ормуз кысыгын жарым-жартылай жаап койгонуна байланыштуу энергетикалык кризистен катуу жабыркады.

Анткени өлкө мунай жана газдын негизги бөлүгүн Жакынкы Чыгыштан импорттойт.

“Пакистан менен Ирандын мамилеси ар дайым эле өтө жылуу болгон эмес. Бирок эң жакын коңшулар жана мусулман өлкөлөр катары Иран Пакистанга аймактагы башка өлкөлөргө караганда көбүрөөк ишенет”, — дейт исламабаддык аналитик Халид Султан.

АКШ-Пакистан алакасы

Өткөн жылга чейин Пакистан АКШ үчүн ишенимсиз өнөктөш катары бааланып келген. Ал Вашингтонду Ооганстандагы согуш маалында колдогону менен, ошол эле учурда талибдерди да жашыруун колдоп жатат деген айыптоолор айтылып турчу.

2011-жылы АКШнын атайын күчтөрү Усама бин Ладенди Пакистандын Абботтабад шаарындагы аскер академиясынан болжол менен бир чакырым аралыкта жашырынып жаткан жеринен таап жок кылышкан. Бул Пакистандын аскердик түзүмүн уятка калтырган. Ал окуяга чейин Вашингтон Исламабадга аскердик колдоо көрсөтүп келгендиктен АКШдагы айрым саясатчылар ошол кездеги администрацияны сынга алышкан.

Алардын арасында Дональд Трамп да болуп, ал Пакистандын армиясын «ал-Каиданын» лидерин жашырып келген деп көп жолу айыптаган.

Трамптын алдындагы президент Жо Байден бийликте турганда Пакистандын ошол кездеги премьер-министрлеринин бирине да телефон чалган эмес.

Бирок Трамптын экинчи мөөнөтү АКШ дипломатиясын түп-тамырынан өзгөртүп, мурдагы союздаштар менен мамилелерди кайра карап чыгып, ал тургай мурдагы атаандаштарды да өз саясатына тартууга аракет кылууда.

Пакистан өз аймагында триллиондогон долларга бааланган сейрек кездешүүчү минералдар жана стратегиялык мааниге ээ ресурстар бар экенин билдирип, Вашингтондун кызыгуусун жаратты.

Өткөн жылы башкы атаандашы Индия менен болгон кыска мөөнөттүү жаңжалдан кийин Исламабад согушту токтотуудагы аракеттери үчүн Дональд Трампка ачык ыраазычылык билдирүүгө шашылган.

Андан бери Пакистан бийлиги сейрек кездешүүчү минералдар боюнча келишимдерге жетишип, АКШ президенти Дональд Трампты Нобель тынчтык сыйлыгына көрсөтүп, алтургай анын Тынчтык кеңешине кошулду.

Трамп болсо Пакистандын таасирдүү аскер башчысы Асим Мунирди «сүйүктүү фельдмаршалым» деп атады.

Ошондой эле ал шаршемби күнкү ок атышууну токтотуу тууралуу билдирүүдө Исламабаддын жогорку жетекчилеринин ролун белгилеп өткөнү да көңүл сыртында калган жок.

Ал эми учурда эл аралык коомчулуктун көңүлү Исламабадга бурулуп турат. Башкалаада мейманканалардын баары толуп, журналисттер тарыхый сүйлөшүүлөрдү чагылдыруу үчүн виза алууга шашылууда.

Бул шашылыш даярдыктын фонунда Пакистандын стратегиялык мааниси өзгөрүп, жаңы баскычка кадам таштап жатат.

  • 16x9 Image

    Элиза Кененбаева

    "Азаттыктын" Прага шаарындагы кеңсесинин кызматкери, "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу (2011-2013). Кыргыз-Орус (Славян) университетин аяктаган.

Шерине

XS
SM
MD
LG