Айдарбековго мандат берүү эмнеге кечикти? | Жаңылыктар | 25.03.2026
Борбордук шайлоо комиссиясы Чыңгыз Айдарбековго дагы деле мандат бере элек. Ал тапта Айдарбеков тышкы иштер министри, элчи болуп турганда мыйзамсыз иштерге аралашканы тууралуу видео тарап, экс-депутат аны четке какты. Абакта жаткан оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбеков бийликке кайрылып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет козгогон иштерди текшерүүгө чакырды. Орусиянын армиясы Украинага дрон менен жапырт чабуул койду. Львов шаарында 27 киши жараат алып, ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесиндеги тарыхый жай бүлгүнгө учурады.
Чыгарылыштар
-
Март 20, 2026Ташиев беш сааттай сурак берди | Жаңылыктар | 19.03.2026
Шерине