Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Март, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:15

Иран: Аятолланын өлтүрүлүшү абалды өзгөртөбү?


Иран: Аятолланын өлтүрүлүшү абалды өзгөртөбү?
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:29 0:00

Иранда жекшемби күнү таңга маал мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттары (ЖМК) өлкөнүн Жогорку руханий лидери аятолла Али Хаменеи өлтүрүлгөнүн жазып чыгышты. Мунун алдында, 28-февралда АКШнын президенти Дональд Трамп өзүнүн Truth Social соцтармагы аркылуу Хаменеи америка-израил биргелешкен операциясы маалында жок кылынганын маалымдаган. Ишембиде Али Хаменеинин жардамчысы Али Ларижани Х соцтармагындагы баракчасына өч алуу болорун билдирген жана бул аятолла жантаслим болгону кыйыр түрдө аныкталганы катары кабыл алынган. Али Хаменеи 1989-жылы Ислам Республикасынын негиздөөчүсү, аятолла Рухолла Хомейни каза болгондон кийин жогорку лидерликке келип, ошондон бери Иранда дээрлик чексиз бийликке ээ болуп келген.

Израил менен АКШ биргелешкен аба соккуларын 28-февралда Иранга жасаган. Тегеран жооп кайтарып, АКШнын аскердик техника, кеме-учактары жайгашкан Бириккен Араб Эмирликтерин, Катар, Кувейт, Израил жана башка мамлекеттерди бутага алган. Ирандын соккуларынан да каза болгон жайкын тургандар тууралуу маалыматтар чыгууда.
Соңку соккулардан Иранда аятолладан башка бир нече аскерий жетекчилердин набыт болгону кабарланды. Ал тапта Аятолла Хаменеинин өлүмүнөн соң айрым өлкөлөрдө демонстрациялар өтүүдө. Пакистандын Карачи шаарында демонстранттар АКШнын консулдугуна кирип барууга аракеттенди. Тополоңдо сегиз киши өлдү. Ошол эле учурда Ирандагы соңку операцияларды колдогон ирандыктардын акциялары бир катар өлкөлөрдө уюштурулду.

Шерине

XS
SM
MD
LG