Кайра кароого негиз болгон "жаңы жагдайлар"
13-февралда Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) жумуш тобу №13 округ боюнча үч талапкердин арызы каралганын билдирди. Арызда бул округда былтыр 30-ноябрда өткөн добуш берүүнү өттү деп таануу өтүнүчү жазылган. Арыз жазган талапкерлер Талант Мамытов, Айбек Алтынбеков жана Айгүл Карабекова шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууга негиз болгон кылмыш ишине алардын тиешеси жок болгонун, бул боюнча укук коргоо органдарынын жыйынтыгы да бар экенин жүйө келтиришкен.
Отурумда Ички иштер министрлигинин Тергөө бөлүмүнүн башчысы Аллаберди Мавлянов кылмыш иши боюнча маалымат берип, тергөөдө добушканаларга телефондорду орнотууда талапкер Бактыбек Сыдыковдун тарапташтарынын мыйзамсыз аракети тастыкталганын белгиледи. Бул боюнча эки жаранга Кылмыш-жаза кодексинин 195-беренеси (“Шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылуу”) менен кылмыш иши козголуп, айыбы угузулган.
"Текшерүүнүн жүрүшүндө талапкер Бактыбек Сыдыковдун өкүлдөрүнө 2025-жылдын 29-ноябрында Кочкор-Ата районундагы "Бакыт" ресторанында уюлдук телефондор, штативдер, кубаттагычтар шайлоочулардын идентификациялык каттоодон өтүүсүн жана байкоо жүргүзүү үчүн видеого тартуу максатында берилгендиги аныкталган. Аталган жабдыктарды кантип колдонуу боюнча да үйрөтүү иштери жүргөн", - деди Мавлянов.
Ал ошондой эле бул округдан шайлоого катышкан калган 13 талапкерге эч кандай кылмыш иши козголбогонун тактады.
Узакка созулган тергөө
БШКнын мүчөсү Абдыжапар Бекматов шайлоо мыйзамдарында кылмыш ишин териштирүүнүн жана башка процесстердин мөөнөтү каралганын эске салып, кайра шайлоо дайындоого укук коргоо органдарынын маалыматы кечиккени себеп болгонун айтты.
"3-декабрда чечим чыгарылып, сиздерге берилген. Сиздердин берген маалымат боюнча "ушундай болду, мындай болду" деп айыбын угузуп жатасыздар. Эгерде сиздер мыйзамда көрсөтүлгөн мөөнөттө тиешелүү иш-чараларды өткөрүп бүтүп, чечим кабыл алып бергениңиздерде, мүмкүн, кайра шайлоо дайындалбай калат эле. Ал боюнча 30-декабрда чечим чыкты. Ошондой болсо, мүмкүн, мынчалык чыгым болбой, мамлекеттик мекемелер убара тартпайт эле", - деди Бекматов.
ИИМдин Тергөө бөлүмүнүн башчысыМавлянов тергөө жүргүзүүдө ар кандай жагдай жараларын белгилеп, кароонун мөөнөтү созулуп кеткенин билдирди.
Отурумга талапкер Талант Мамытов да катышып, шайлоодо мыйзам бузууга барбаганын, бул өнөктүктөгү адилеттүүлүккө ишенгенин билдирди.
“Ошол маалда тергөө органдары күнөөлүү адамдарды аныктап бере алган эмес. Биз бүгүнкүгө чейин күттүк. Ал учурда кылмыш иши жок эле, азыр укук коргоо органдары так маалымат берип жатат. Баш мыйзамда бир адамдын күнөөсү үчүн башкалар жооп бербеши керек”, - деди Мамытов.
БШКнын мүчөсү Кабылбек Мамбетаипов бул маселеде тергөөнүн жыйынтыгы чыккан болсо талапкерлерге сотко кайрылууну сунуш кылды. Соттун чечиминин негизинде Боршайком өз корутундусун өзгөртүүсү туура болорун белгиледи.
Азыр үгүт жүргүзүп жүргөн талапкерлер эмне болот?
БШК №13 округ боюнча шайлоонун жыйынтыгын былтыр 3-декабрда жокко чыгарган. Анын негизинде 30-декабрда президент Садыр Жапаров бул округда кайрадан шайлоо өткөрүүнү дайындаган.
25 талапкер каттоодон өтүп, 9-февралда үгүт иштерин баштаган. 1-мартка шайлоо белгиленген.
БШКнын мүчөсү Кайрат Маматов отурумда эми бул талапкерлердин кетирген чыгымы кантип кайтарыларына кызыкты.
"Биз шайлоо күрөөсүн кайтарабыз. Чыгымдар боюнча ойлор бар. Ал отурумдун алкагында айтылбайт", - деп жооп берди БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров.
Жыйынтыгы жокко чыгарылып, кайрадан шайлоо жарыяланган №13 округдан шайлоого катышып жаткан айрым талапкерлер Боршайкомдун акыркы чечимине нааразылыгын, кээ бирлери колдоосун билдирип жатышат.
"Азаттык" алардын айрымдары менен байланышканда Борбордук шайлоо комиссиясы мыйзам алдында жооп бериши керектигин талап кылгандар болду.
Талапкерлердин бири Нуркан Койчуманова БШКнын 13-февралдагы чечимин мыйзамсыз деп сыпаттады:
"БШКдан Шайназаров (БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров - ред.) баш болуп таза шайлоо өткөрөлү деп жыйындарды өткөрүшкөн. Биз мыйзам чегинде укугубузду пайдаланып үгүт иштерин баштадык. 5 күн биз ушулардын түзгөн графиги менен жүрдүк. БШК биринчи шайлоодо эле Бактыбек Сыдыковдун талапкерлигин алып, Мамытовду ордуна бекитип койгондо эч ким мынчалык ызылдамак эмес. Бул биринчи катачылыгы. Экинчи катачылыгы - БШК соттун чечимин күтсө болмок. Мыйзам чегинде биздин баарыбызды кайра шайлоого дайындагандан кийин биздин укугубуз дагы бузулуп жатат да. Бул жерде акчадан мурун адам укугу турат. Шайлоонун үгүт иштерин баштап, өзүбүздүн чыгымдарды, күрөө акчасын берип шайлоого даярданып жаткан учурда биздин үстүбүздөн мындай чечим чыгарып койгону туура эмес. Бул шайлоонун гана эмес, Шайназаровдун "шайтан оюну" болуп жатат. Абдан сабатсыздык. Каалагандай калчагандыгы. БШК бизге толук жооп бериши керек. Мыйзам алдында жоопко тартылышы керек. Биздин кеткен моралдык, материалдык чыгымды бүтүндөй компенсация кылып, кайтарып берсин. Себеби бул БШКнын туура эмес жүргүзгөн саясатынан болуп жатат", - деди талапкер.
Боршайком же Тынчтык Шайназаров жогоруда айтылгандар боюнча азырынча комментарий бере элек.
Талапкер Арсланбек Эгембердиев Боршайкомдун соңку чечимин колдой турганын айтууда. 14-февралда ал социалдык тармактар аркылуу шайлоочуларга видео кайрылуусун жолдоп, төмөнкүлөрдү билдирди:
"Биз мыйзамды жана шайлоо процессин урматтайбыз. Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимдерине баш ийүү ар бир талапкердин милдети. Шайлоо бул атаандаштык гана эмес, бул мамлекеттүүлүктүн жана тартиптин көрсөткүчү. Кандай гана чечим болбосун, биз аны мыйзамдын алкагында кабыл алабыз. Эң башкысы өлкөдө тынчтык, туруктуулук жана элдин биримдиги. Сиздерге көрсөткөн ишеним жана колдооңуздар үчүн ыраазычылык билдирем".
Бактыбек Сыдыковго чара көрүлөбү?
БШК №13 округ боюнча жыйынтыкты жокко чыгарганы менен буга кайсы бир талапкерди айыптабай, "добуш берүүнүн купуялуулугу боюнча талап бузулду" деген негизди карманган. Ошол кезде башка талапкерлер шайлоо тилкелерине орнотулган уюлдук телефондор Бактыбек Сыдыковдун өкүлдөрүнө тиешелүү болгонун айтып чыгышкан.
БШК мындай аракетке жол бергени үчүн Ноокен жана Майлуу-Суу аймактык комиссияларындагы 35 шайлоо тилкесинин төрагаларын кызматтан алган.
Сыдыков шайлоо жокко чыккандан кийин 4-декабрда кайрылуу жасап, “жеңиштен четтетилгенине” атаандаштарын айыптаган.
"Мен да элиме, мамлекетиме кызматымды улантуу үчүн бул жарышка катыштым. Күрөш таза жана калыс болду. 19 миңден ашуун добуш алып, жалпы өлкөдө эң көп добушка ээ болгон талапкерлердин арасынан үчүнчү орунга чыгып, жеңишке жеттим. Бирок, тилекке каршы, айрым атаандаштарым ар кандай ыплас ыкмалар менен каралоолорду жаадырып, БШК аркылуу мени жеңиштен четтетишти. Кыргызда "кыңыр иш кырк жылда билинет" деп айтылат. Мен чындык сөзсүз айтылат деп ишенем, ким эмне үчүн, кандай максатта мындай иштерге барганын ачыкталган күн келет", - деп жазган Сыдыков.
13-февралдагы отурумда ИИМдин Тергөө кызматынын башчысы Мавлянов тергөө ишинин алкагында талапкер Сыдыковдун өзүнө да чара көрүлүшү мүмкүн экенин четке каккан жок.
Үч жеңүүчүнүн бейнеси
Жыйынтыгы жокко чыккан шайлоодо Бактыбек Сыдыков 17 миң 397 добуш менен алдыга чыккан. Экинчи орунду 13 миң 477 добуш менен мурдагы депутат Айбек Алтынбеков алса, парламенттин мурдагы спикери Талант Мамытов 12 миң 96 добуш алып үчүнчү орунда келген. Шайлоочулардын 9 миңдей добушун алган Айгүл Карабекова гендердик квота менен алдыга чыккан.
- Айбек Алтынбеков 47 жашта. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда туулган. Ош мамлекеттик университетин юрист адистиги боюнча аяктаган. Өзү негиздеген “Жылдызбек” күзөт агенттигин, “Золотой Орех” жана башка компанияларды жетектеген. Жергиликтүү кеңеште депутат болгон. 2015-жылы Жогорку Кенештин “Республика-Ата Журт” партиясынан депутат болуп шайланган. 2021-жылы Базар-Коргон бир мандаттуу округунан утуп келип, Жогорку Кеңешке шайланган.
- Талант Мамытов 50 жашта. Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында туулган. 1993-жылы Кыргыз улуттук университетинин юридика факультетин бүтүргөн. 2010-жылы Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты болгон. 2015-жылы Жогорку Кеңештин 6-чакырылышына “Республика-Ата Журт” партиясы менен шайланган. 2020-жылдын 4-ноябрынан 2021-жылдын декабрына чейин Жогорку Кеңештин төрагасы болгон. Буга удаа эле 2020-жылдын 14-ноябрынан 2021-жылдын 28-январына чейин президенттин милдетин аткаруучу болгон.
- Айгүл Карабекова 47 жашта. Жалал-Абад мамлекеттик университетин аяктаган. Жеке ишкер.
Жогорку Кеңештин 90 мандаттуу 8-чакырылышы 2025-жылдын декабрь айында ишин баштап, ушул тапта парламентте 87 депутат бар.
Шерине