Мияровдун көп аялдуулук иши сотко жетти | Жаңылыктар | 22.01.2026
Ирандын мамлекеттик телеканалы өлкөдөгү нааразылык акцияларында 3 миң 117 киши каза тапканын билдирди. Бирок башка маалымат булактарында курман болгондордун саны 5 миңден ашары айтылууда. Укук коргоочу Азиза Абдирасуловага Европа кеңешинин Раул Валленберг атындагы сыйлыгы берилди. Ал бул сыйлыкты Борбор Азиядан биринчи болуп алды. Көп аялдуулукка байланыштуу президенттин Чүй облусундагы мурдагы өкүлү Мирбек Мияровго каршы козголгон иш сотто карала баштады. Бул мындай берене менен иш козголуп, сотко жеткен биринчи окуя.
Чыгарылыштар
-
Январь 23, 2026Анар-Бактагы үйлөрдү бузуу аракети | Жаңылыктар | 23.01.2026
Шерине