Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Январь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:43

Газада барымтада турган акыркы израилдик туткундун сөөгү аныкталды


Газадагы Израилдин аскерлери
Газадагы Израилдин аскерлери

Газада барымтага алынган акыркы изралдик кишинин сөөгү аныкталды жана эми мекенине өткөрүлүп берет. Бул тууралуу Израилдин аскерлери (ЦАХАЛ) дүйшөмбүдө билдирди. Муну менен АКШнын президенти Дональд Трамптын палестин анклавындагы согушту аяктоо планынын биринчи баскычында каралган бардык шарттар аткарылды.

"Рейтер" агенттиги тараткан маалыматка ылайык, 24 жаштагы полиция кызмактери Ран Гвилини хамасчылар 2023-жылдын 7-октябрында атып өлтүрүп, сөөгүн өз аймагына алып кетишкен. Ал күнү АКШ жана Еврошаркетте террордук деп таанылган ХАМАС радикал уюму Израилдин аймагына кол салгандан кийин эки жылга созулган согуш башталган.

Согушкерлер арачыларга Гвили көмүлгөн болушу мүмкүн деген жерди көрсөткөндөн кийин Израил Египет менен чек арадагы Рафах өткөөлүн ачарын билдирген.

ХАМАС менен Израил өкмөтү АКШ баш болгон ортомчулардын жардамы менен былтыр октябрда тилкеде ок атууну токтотууга жетишкен.

Макулдашуунун биринчи баскычында ЦАХАЛ менен ХАМАС радикал тобунун ортосунда кармаштар токтоп, израилдик аскерлер тилкенин жарымына жетпеген аймагынан чегинген. Согушкерлер барымтадагыларды бошотуп, өлгөндөрдүн сөөктөрүн өткөрүп берген, Израилдин түрмөлөрүндө отурган палестиналыктар кое берилген.

Тынчтык планынын экинчи баскычы тууралуу маалымат берилери күтүлүүдө. Анын жүрүшүндө анклавды кайра куруу иштери, аймактын демилитаризациясы жүрөрү айтылган.

ХАМАСтын чабуулунда 1200дөй адам өлүп, 250дөн ашуун киши барымтага алынган.

Израилдин Газадагы операциясы 71 миң палестиналыктын өмүрүн алганын анклавдын хамасчылар башкарган Саламаттыкты сактоо башкармалыгы билдирген.


Шерине

 

XS
SM
MD
LG