Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:35

Бишкектеги мейманканада бычакталган кыз каза болду


Кармалган шектүү.
Кармалган шектүү.

Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгы борбордо мейманканалардын биринде бычак жеген кыз каза болгонун билдирди.

Шаардык милициянын маалыматында 26-январда Кулиев көчөсүндө жайгашкан менчик мейманканалардын биринде эркек киши кызды бычак менен сайып жиберип, ал алган жаракатынан окуя болгон жерде каза тапканы тууралуу маалымат түшкөн.

Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө кыз менен бала (Д.М. жана Р.Э.) спирт ичимдиктерин ичип отуруп чырдашып кеткени аныкталган. Маркум шектүүнүн колуна бычак менен жаракат келтиргени, кийин ал кызды моюнга сайып салганы такталган.

Бул факты боюнча Ленин районунун ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш ишин козгоп, шектүү Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоо жайына киргизилди. (BTo)

Шерине

 

XS
SM
MD
LG