Франциялык EOS Technologie компаниясы Украинага Rodeur 330 үлгүсүндөгү сокку уруучу дрондорду берди. Ал 500 чакырымдан ашык аралыкка чейин жетүүгө жөндөмдүү, абада беш саатка чейин жүрө алат.
Бул тууралуу France Presse агенттигине шилтеме менен France 24 жазды.
Аталган компаниянын башчысы Жан-Марк Зулиани Батыш өндүрүүчүлөрү үчүн Украинага дрондорду берүү аларды талаа шартында сыноого мүмкүнчүлүк берерин билдирди.
Rodeur 330 дрондорун эки оператор 10 мүнөттө чогултат. Анын ылдамдыгы саатына 120 километр, 5 миң метрге чейин бийиктикке көтөрүлө алат.
Зулианинин айтымында, дрондорду сокку урууда, чалгын операцияларында колдонууга болот. Ал Европа бул дрондорду "калкан катары", Украина "кылыч катары" пайдаланса болорун кошумчалады.
Украинанын бийлиги буга чейин өлкөдө 500 чакырымдан ашуун ылдамдыкта учууга жөндөмдүү дрондор чыгарылып жатканын жарыялаган.
Украинага өнөктөштөрү берген ATACMS жана Storm Shadow ракеталары 500 чакырымга чейинки аралыкка жете алат.
Шерине