Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен шек саналып кармалган Жогорку Кеңештин экс-депутаты Кубанычбек Кадыров 24-январда Бишкектин Биринчи май райондук сотунун токтому менен үй камагына чыкты.
Бул тууралуу “Азаттыкка” саясатчынын адвокаты Асел Аргынбаева билдирип, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) тергөөчүсүнө Кубанычбек Кадыровдун бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча арыз жазганын, кийин тергөөчү сотко өтүнүч келтирип, судья аны канааттандырганын айтты.
2025-жылдын ноябрь айында ИИМ 10 адамды кармаган. Алардын ичинен мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадырбек Атамбаевге, “Социал-демократтар” партиясынын лидери Темирлан Султанбековго жана экс-депутат Кубанычбек Кадыровго “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен кине коюлган.
“Социал-демократтар” партиясынын мүчөсү Эрмек Эрматов, Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жеке жансакчысы Дамир Мусакеев, активист Турсунбай Шарапов, экс-депутат Шайлообек Атазов жана ишкер Урмат Барктабасов, ошондой эле толук аты-жөнү белгисиз (К.Н.К. жана У.у.Э.) дагы эки адам “Массалык башаламандыктар” беренеси боюнча шек саналууда.
2025-жылдын 22-ноябрынын таңында социалдык тармактарда бир катар саясатчылардын үйү тинтилип, кармалганы тууралуу маалыматтар тараган. Көп өтпөй Ички иштер министрлиги (ИИМ) Темирлан Султанбеков массалык башаламандыкка чакырык жасаган деген шек менен милицияга жеткирилгенин билдирип, ал бир бөлмөдө эки адам менен сүйлөшүп отурган видеону жарыялаган. Тасмадан Темирлан Султанбековду, Эрмек Эрматовду жана славян улутундагы дагы бир кишини көрүүгө болот. Үчүнчү адамды ИИМ “белгисиз жаран” катары белгилеп, ал боюнча маалымат берген эмес.
Милиция видеодо өлкөдө башаламандык уюштуруу тууралуу сөз болгонун кабарлаган.
ИИМ ушул эле күнү жапырт кармалган адамдарга байланыштуу маалымат таратып, алардын үй-жайын тинтүүдө курал-жарак, ок-дары, гранаталар, байланыш каражаттары, 150 миң доллар, тополоңду каржылоо боюнча документтер жана баңги заттар алынганын маалымдаган. Мекеме шектүүлөргө Жогорку Кеңешке шайлоодон кийин өлкөдө тополоң уюштурууну максат кылган деген айып койгон.
Кийинчерээк 150 миң доллар “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери, экс-депутат Адахан Мадумаровдуку экени белгилүү болгон. Оппозициялык саясатчы каражат анын үй-бүлөсүнө таандык экенин айтып, ИИМдин кызматкерлери акчаны далил зат катары алып кеткенин билдирген. Бул иш боюнча Адахан Мадумаров күбө катары сурак берип чыккан.
Кармалгандар жана алардын жакындары коюлган айыптарды четке кагышкан.
Кубанычбек Кадыровго Кемпир-Абад иши боюнча да “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен айып тагылган. 2024-жылдын 14-июнь айында Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыков бул ишке байланыштуу 22 саясатчыны жана активистти актаган. Прокуратура өкүмгө каршы Бишкек шаардык сотуна кайрылып, иш шаардык сотто каралууда. (BTo)
Шерине