Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Февраль, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:23

"Согушту токтотуучу факторлор". АКШ, Украина жана Орусия тынчтык планын талкуулоодо

Донецк аймагындагы украин армиясынын аскерлери. 15-январь, 2026-жыл
Донецк аймагындагы украин армиясынын аскерлери. 15-январь, 2026-жыл

23-январда Абу-Дабиде АКШ, Украина жана Орусиянын өкүлдөрү жолукту. Бул Москва кошуна өлкөсүнө кол салгандан бери алгачкы үч тараптуу сүйлөшүү болду. Анын алдыңкы күнү Ак үйдүн чабармандары Кремлде орус президенти Владимир Путин менен кездешкен.

Москва аймактар маселеси чечилмейин туруктуу тынчтык орнотуу мүмкүн эмес деп кайрадан эскерткен. Киев өз жеринен баш тартпай турганын айтып келатат.

Алгачкы үч тараптуу сүйлөшүү

Бириккен Араб Эмирликтеринин борбору Абу-Дабиде 23-январда АКШнын, Украинанын жана Орусиянын өкүлдөрүнүн Кошмо Штаттардын Украинадагы согушту токтотуу боюнча планын талкуулоого байланыштуу бетме-бет сүйлөшүүсүнүн биринчи раунду өттү.

"Бүгүнчө сүйлөшүүлөр аяктады", - деп билдирди жума күндүн кечинде Украина президентинин кеңсеси.

Украин делегациясын баштап барган Коопсуздук жана коргонуу кеңешинин катчысы Рустем Умеров Х социалдык түйүнүнө Абу-Дабидеги биринчи жолугушуунун темасы согушка чекит кое ала турган "аныктоочу факторлор" тууралуу болгонун жазды. Ошону менен катар, анын айтымында, "сүйлөшүү процессинин мындан аркы логикасы" да талкууланды.

Умеров белгилегендей, кошумча жолугушуулар 24-январга пландалды.

Үч өлкөнүн өкүлдөрү чогуу отуруп сүйлөшкөн мындай жолугушуу 2022-жылдын февралында Орусия коңшусу Украинага каршы толук масштабдуу согуш ачкандан бери алгачкы ирет өттү.

Бул жолугушуу алдында расмий Москва Донбасстын бардык аймагынан, анын ичинде Украина көзөмөлдөп труган жерлерден да украин аскерлеринин чыгып кетишин кайрадан талап кылган.

Украина мындай талапка таптакыр каршы экенин билдирип келет.

Ал тапта 24-январга караган түнү Орусия Украинанын аймагына 370 согуштук дрон жана 21 ракета менен чабуул койгонун өлкө президенти Владимир Зеленский билдирди. Анын айтымында, бул жолу да жапырт аткылоонун бутасы борбор калаанын энергетика тармагы болду.

"Борбор калаада кайрадан дээрлик 6 миңдей үй жылуулуксуз калды. Алардын көбү буга чейин эки жолу, 9-январда жана 20-январда жылуулук энергиясына кайрадан кошулган же кошулуу аракеттери жүрүп жаткандар", — деди Кличко.

Анын айтымында, суу менен камсыздоодо да көйгөй жаралууда.

Киев шаардык аскердик администрация башчысы Тимур Ткаченко бир кишинин өмүрү кыйылганын, төрт киши түрдүү жараат алганын кабарлады.

Харьков шаарында чабуул ишембиге караган түнү 2,5 саат бою уланганын, жалпысынан Орусия бул аймакка "Шахед" согуштук дрондорунан 25ти учурганын мэр Игорь Терехов кабарлады. Соңку маалымат боюнча, бул калаада кеминде 19 киши жараат алды, айрым жерлерде үйлөр талкаланды, зыян тарткан имараттар арасында төрөт үйү жана оорукана бар.

"Донбасс маселеси эң негизги"

23-январда украин президенти Владимир Зеленский жума-ишемби күндөрү Бириккен Араб Эмирликтеринин борбору Абу-Дабиде өтө турган үч тараптуу сүйлөшүүлөрдө согушка чекит коюуда эң чечүүчү мааниге ээ аймактар маселеси талкууланарын билдирген.

Вашингтондун арачылыгы менен уюштурулуп жаткан кездешүү боюнча журналисттердин суроолоруна WhatsApp аркылуу жооп берген Зеленский: “Донбасс маселеси эң негизги болуп келатат. Бүгүн-эртең Абу-Дабиде үч тарап тең өз көз караштарын талкуулашат”, - деп айткан.

Кошмо Штаттар барган сайын Киевге басымын күчөтүп, тынчтык келишимине көндүрүүгө аракеттенүүдө.

Орусия ок атууну токтотуу шарты катары кошуна өлкөсүнүн аскерлери Донбасстан, анын ичинде Киев көзөмөлдөгөн жерлеринен да толук чегиниши керек деп айтып келатат. Украина мындай “кабыл алынгыс” талапты четке кагууда.

Украин аскерлеринин колунда ал аймактын 20 пайызы кала берүүдө.

Бейшембиде Давостогу Дүйнөлүк экономикалык форумга катышкан Владимир Зеленский ошол эле күнгө белгиленген Путин менен Ак үйдүн чабармандары ортосундагы сүйлөшүүлөрдү комментарийлеп, “Украина гана эмес Орусия да компромисстерге даяр болушу керек”, - деп айткан:

“Алар компромисс табууга аракеттенүүдө. Биз ар кандай кадамдарга даяр экенибизди билесиңер, эки тарап тең чегинүүгө барыш керек деп айтып келатам. Андыктан орустар бул согушту жеңген жок жана жеңбейт”.

Орус президентинин жардамчысы Юрий Ушаков дээрлик төрт саатка созулган ал сүйлөшүүлөрдү "мазмундуу жана конструктивдүү" деп баалады. Ошол эле маалда олуттуу алдыга жылуу болбогонун ишарат кылган:

“Эң негизгиси президенттин америкалыктар менен сүйлөшүүсү учурунда аймактык маселени Анкорижде (Аляска – ред.) макулдашылган формула боюнча чечпей туруп, кырдаалды узак мөөнөткө жөнгө салуу мүмкүн эместиги дагы бир жолу тастыкталды”.

Америкалык делегацияга АКШ президенти Дональд Трамптын Жакынкы Чыгыш боюнча чабарманы Стив Уиткофф жана күйөө баласы Жаред Кушнер кирген. Алар Кремлдеги сүйлөшүүлөргө байланыштуу билдирүү жасаган жок.

Ушаковдун айтымында, тараптар 23-январда Орусия, Украина жана АКШ өкүлдөрүнөн турган жумуш тобунун үч тараптуу жолугушуусун Абу-Дабиде өткөрүүнү макулдашты.

Ал орус делегациясын Аскердик чалгын башкармалыгынын жетекчиси Игорь Костюков баштап барарын айткан. Айтмакчы, адмирал Батыштын санкциялык тизмесине киргизилген.

Украинанын тобун Коопсуздук жана коргонуу кеңешинин катчысы Рустем Умеров жетектейт. Зеленский буга чейин сүйлөшүүлөр «техникалык деңгээлде» өтөрүн айткан.

Украин президенти журналисттер менен жума күнкү баарлашуусунда ошондой эле Давосто Трамп менен Украинага коопсуздук кепилдиктерин берүү жана абадан коргонуу системасына байланышкан маселелер сөз болгонун маалымдаган. Анын сөзүнө караганда, «бир катар техникалык деталдар кала берүүдө, бирок коопсуздук кепилдиктери тууралуу документ жалпысынан кол коюуга даяр болуп калды».

Украин жана АКШ президенттеринин сүйлөшүүлөрүнөн кийин Давостогу форумда Зеленский суроо-жооп сессиясында кышкы аязда бир миллиондой кишини жылуулуксуз жана жарыксыз калтырган орус армиясынын дрон жана ракета соккуларына туруштук берүү үчүн Киев кошумча коргонуу системаларына муктаж деп билдирген.

“Президент Трампка абадан коргонуу, Patriot системсы тууралуу унутпаңыз деп кайрылам. Кышында биз үчүн ал абдан маанилүү”, - деп айтты украин президенти.

Трамп жабык өткөн жолугушууну оң баалаган жана Путинге Украинадагы согуш аякташы керек деп айтарын кошумчалаган.

Журналисттер Зеленскийге Орусиянын камакта турган активдерин согушта жабыркаган аймактарды калыбына келтирүү үчүн пайдалануу ыктымалдыгы тууралуу суроо узатышты. Украин президенти бул идеяны четке какты:

"Агрессор өлкө болгон Орусия тоңдурулган болсо да акча сурап жатканы таңкалычтуу. Алар баскынчылыгы үчүн камакка алынган каражатты өз тарабындагы аймактарды калыбына келтирүүгө жумшайбыз дешет. Өздөрү "атайын аскердик операция" деп атаган согушту баштаган. Чынын айтсам, бул акылга сыйбайт, абсурд".

Москва буга чейин кеп болгон каражатты орусиялык аскерлер басып алган чөлкөмдөрдүн реконструкциясына жумшоо сунушун айтып келген.


Шерине

XS
SM
MD
LG