Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев мамлекет башчынын тапшырмасы менен Шопоков шаарына барып, “Дөөлөт” курулуш компаниясынын андагы курулуш объекттеринин абалын жеринде текшерди. Бул тууралуу Президенттин иш башкармалыгы кабарлады.
Текшерүү маалында миңден ашуун үлүшчү (дольщиктер) аталган компанияга ишенип, 1 миллиард сомдон ашык каражат төлөшкөнү аныкталды. Айрым үлүшчүлөр кийинчерээк каражаттарын кайра алып кеткенине карабастан компаниянын эсептеринде жарандардын акчасынан 900 миллион сомдон ашык каражат болушу керектиги такталды.
Туманбаев баштаган топ жеринен көргөндөй, акча бар экенине карабай курулуш иштери дээрлик жүргүзүлгөн эмес. Көпчүлүк блоктордун жерпайы казылган боюнча калып, айрым тилкелерде имараттар бир кабат да көтөрүлө электиги көрүнөт.
Маалым болгондой, 2023-жылы Шопоков шаарынын мэриясы компанияга 8 гектардан ашык жер тилкесин берип, анын акысына курулуш ишканасынан 140 батир алмак. Компания жалпы 2296 квартира салышы керек болгон. Курулуш иштери 2024-жылы башталган, жумуш ошондон бери бүтпөй келет.
“Акча жок болсо курулуш болбойт. Элди алдабаш керек. Силер курулуш компаниясы болгон соң курулушту өз акчаңарга салып, анан сатышыңар керек. Үлүшчүлөргө гана ишенбешиңер керек. Комиссия түзүп, иликтеп чыгабыз. Канча акча каражат жумшасаңар, аны тактайбыз. Анан президентибиз кандай чечим кабыл алса, ошого жараша болот. Компаниянын мүмкүнчүлүктөрү таптакыр жок болсо, анда бул объекттер толугу менен мамлекетке өтөт. Жер өзү мамлекеттики, мэрияныкы экен. Ошондуктан мамлекет киришет”, – деди президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев.
Президенттин иш башкармалыгы тараткан маалыматта ушул күндөрү курулуш компаниянын башка да объектилери текшериле турганы айтылат.
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин кызматкерлери үлүшчүлөрдүн даттануусу менен 2025-жылдын август айында “Дөөлөт” компаниясынын “Кудайберген” жана “Шопоков” объектилерин текшерип, эскертүү берген. Ошондогу маалыматта компания бир ай убакыт сурап, курулуштарды кайрадан улантарын убада кылган. Декабрда болсо үлүшчүлөр менен курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев жолуккан.
Мурдараак “KG групп”, “Көчмөн Сити” сыяктуу курулуш компаниялары салып жаткан объектилер да үзгүлтүккө учурап, анда жүздөгөн үлүшчүлөр жабыркаган. Алардын да курулуш объекттери мамлекетке алынып, Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу курулуш иштери улантылып жатканы маалым. (ErN)
Шерине