Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:01

Сирия: Аш-Шараанын күрддөрдү толук баш ийдирүү аракети


Ахмед аш-Шараа "Алеппо, жеңишке карай жол" деген иш-чарада, 27-май, 2025-жыл
Ахмед аш-Шараа "Алеппо, жеңишке карай жол" деген иш-чарада, 27-май, 2025-жыл

Дамаск бийлиги күрддөр баштаган Сириянын демократиялык күчтөрү (SDF) менен төрт күнгө ок атышпоо режимин киргизүү тууралуу макулдашууга жетишилгенин билдирди. Өкмөттүк армия бир нече күндөн бери күрддөр көзөмөлдөгөн райондорду өзүнө кайтарып, алдыга жылып баратат.

Күрд кошуундары “Ислам мамлекети” террордук уюмунун согушкерлери деп шектелген миңдеген киши же жакындары кармалган лагерлерден чегинип, АКШ баштаган коалиция ал жайларды коргоону өзүнө алсын деп үндөөдө.

Үстүбүздөгү аптада Сириянын өкмөттүк аскерлери өлкө түндүгүндөгү күрт күчтөрүн сүрүп чыгарганы кабарланган. Маалымат боюнча жекшембиде бир нече күнгө уланган кармаштан кийин күрддөрдүн куралдуу кошууну баштаган Сириянын демократиялык күчтөрү 10 жылдан бери көзөмөлдөп келген провинциялардан, анын ичинде газ кендеринен чегинүүгө макул болду.

Сириянын армиясы Алеппо жана Дейр-эз-Зор аймактарынын ири бөлүктөрүн, Евфрат дарыясындагы эки ГЭСти ээлегени маалымдалган.

Өкмөттүк күчтөр бир кездери "Ислам мамлекети" террордук уюмунун таянычы болгон Ракка шаарын да кайтарып алганы белгилүү болду.

Бул Сириянын утурумдук президенти Ахмед аш-Шараанын өлкөнүн бардык аймактарында борбордук башкаруу орнотуу багытында олуттуу кадам болуп калды.

Бирок күрд кошуундарынын айрым бөлүктөрү туруштук берип, улам бир жерде кагылышуулар тутанганы кабарланып келатат.

Сирия: Күрд кошуундары чегинди, абактагы жихадчылар эмне болот?
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:28 0:00

Дамаск шейшембиде күрд кошуундары менен Хасака провинциясынан чегинүүгө төрт күн берүү тууралуу макулдашылганын билдирди.

SDF былтыр жылдын аягына чейин бирдиктүү сириялык армияга кошулушу керек болчу. Тараптар бул пландын ишке ашпай калышына бири-бирин күнөөлөгөн.

20-январда сириялык аскерлер Ракка шаарынын четинде жайгашкан ал-Актан абагынын жанына жайгаштырылды. Ал жайда “Ислам мамлекети” террордук уюмунун мүчөлөрү деп шектелген согушкерлер кармалып келет.

SDF түрмөнү басып алуу стабилдүүлүккө коркунуч жаратарын жана кайрадан башаламандыкка, терроризмдин жайылышына алып келерин эскертти. Сириянын Коргоо министрлиги абакка чабуул коюлганын танып, коопсуздукту камсыздоо аракети көрүлгөнүн билдирди. 18-январдагы келишимге ылайык, ал жабык жайды кайтаруу Дамасктагы бийликке өткөрүлүп бермек.

Шейшембиде АКШнын атын атабаган расмий өкүлү күрд кошуундарынын күзөтчүлөрү чыгып кеткенде “Ислам мамлекети” экстремисттик уюмунун 200 чакты согушкери Шаддади абагынан качканын, бирок Сириянын өкмөтү алардын көбүн колго түшүргөнүн Рейтер агенттигине билдирген.

SDF жана борбордук бийлик туткундарды атайылап кое берди деп бири-бирин айыпташууда. Өкмөт Шаддадини өз көзөмөлүнө алганын маалымдады.

Күрд кошуундары ошондой эле Хасака провинциясындагы Ал-Хол лагеринен да чыгып жатканын жарыялады.

Сириянын демократиялык күчтөрү эл аралык коомчулукту “Ислам мамлекети” террордук уюмунун маселесине кайдыгер мамиле кылып жатат деп сындады жана Дамасктын алдыга жылган армиясы жараткан коркунучтан улам аскерлерин сөз болгон лагерден чыгарганын билдирди.

Сөз болгон лагерде борбор азиялык, анын ичинде кыргызстандык жарандар да бар деп маалымдалып келген.

SDFтин кол башчысы Мазлум Абди АКШ баштаган коалицияны жихадчылар кармалган жайларды коргоо милдетин өз колуна алууга үндөдү.

Бир кездери Сириянын демократиялык күчтөрүнүн негизги өнөктөшү болгон Кошмо Штаттар ал өлкөдөгү окуяларга “тынчсыздануу менен” байкоо салганын билдирди. Ак үйдүн өкүлү тараптарды карманууга жана чыңалууга алып келген аракеттердин алдын алууга, улуттук азчылыктарга кирген карапайым адамдарды коргоого чакырды.

20-январда америкалык президент Дональд Трамп "Вашингтон Сириядагы күрттөрдүн укуктарын коргоого аракеттенеби?" деген суроого жооп берди:

"Мага күрддөр жагат. Бирок түшүндүрө кетсем, күрддөргө чоң акча , мунай жана башка зарыл нерселер берилген. Алар муну биз үчүн эмес, өздөрү үчүн жасачу. Күрддөр менен мамилебиз жакшы болуп келген, биз аларды коргоого аракеттенүүдөбүз".

Жыл башында Алеппо шаарында өкмөттүк күчтөр менен күрт куралдуу кошуундарынын ортосунда кагылышуулар кайрадан тутанганда бийлик жарандарды эвакуациялоо үчүн гуманитардык коридорлорду ачкан. Жарандык коргонуу кызматынын маалыматына ылайык, жаңжал болгон аймактан болжол менен 10 миң адам чыгып кеткен.

2024-жылдын этегинде Сирияны 25 жылдай башкарган Башар Асад козголоңчу күчтөрдүн чабуулунун жыйынтыгында бийлигин таштап, Орусияга качууга аргасыз болгон.

Бийликти кулаткан күчтөрдүн башында турган "Хайат Тахрир аш-Шам" радикал уюмунун лидери Ахмед аш-Шараа былтыр январда убактылуу президент болуп дайындалган.

20-январда БУУ Сириядагы кагылышуулар жана "Ислам мамлекети" экстремисттик уюмунун согушкерлеринин абактардан качышы карапайым кишилердин коопсуздугуна коркунуч жаратып жатканына камтамасын билдирди.

Шерине

XS
SM
MD
LG