Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:08

Жаңыл Жусупжандын “ТопозУазБиз” аттуу китеби жарык көрдү


Жаңыл Жусупжандын “ТопозУазБиз” аттуу китебинин бет ачарынын анонсу. Бишкек. Январь, 2026-жыл.
Жаңыл Жусупжандын “ТопозУазБиз” аттуу китебинин бет ачарынын анонсу. Бишкек. Январь, 2026-жыл.

Журналист, режиссер Жаңыл Жусупжандын Памирде жашаган кыргыздар тууралуу “ТопозУазБиз” аттуу китеби жарык көрдү. Анда Памир тоолорун жердеген Тажикстандын Мургаб районундагы Сары-Кол аймагын жердеген кыргыздардын жашоо-тиричилиги, ой-санаасы жана тарыхый-маданий өзгөчөлүктөрү баяндалган. Китепте чейрек кылымга жакын убакта топтолгон маалыматтар камтылган.

Китептин бет ачары 21-январь күнү Бишкекте өтөт. Уюштуруучулардын маалымдашынча, китептин бет ачарында жергиликтүү кыргыз кол өнөрчүсүнүн “Памир элестери” аттуу сайма коллекциясынын да көргөзмөсү болот.

Жаңыл Жусупжандын Тажикстандын Жерге-Тал аймагында жашаган кыргыздар тууралуу тартылган “Каратегинден кат” даректүү тасмасы Францияда "Жашоо издери" кинофестивалына жана Чехиядагы эл аралык кинофестивалдарга катышкан.

Улуттук премьерасын 2016-жылы "Роза Отунбаеванын демилгелери" коомдук фонду кыргызстандык көрүүчүлөргө тартуулаган. Иш-чарага Тажикстандын Кыргызстандагы элчиси катышып, тасманы "Достукка көпүрө болчу фильм" деп айткан.

Жаңыл Жусупжан мындан тышкары четтеги кыргыздар тууралуу ой толгогон "Жигиттин гүлү, кайдасың", "Үркөр, үркөр — үч жылдыз, үркүп кайда барасың" аттуу толук метраждуу даректүү көркөм тасмаларды жараткан кинорежиссер. (ZKo)

Памирликтердин кыялы менен кусалыгы
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:01 0:00


Шерине

 

XS
SM
MD
LG