Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Январь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:50

Воронежге украин дрондору чабуул койду


Орусиянын Воронеж шаарына 10-январдын кечинде дрондор чабуул койду. Көп кабаттуу бир нече турак жай, дрондордун бири жарылганда беш батир зыян тарткан. Күбөлөр шаардын ар кайсы райондорунда болжол менен 25 жарылуу болгонун билдиришти.

Воронеж облусунун губернатору Александр Гусевдин маалыматында, атып түшүрүлгөн дрон сыныктары тийгенден улам эки адам жараат алган. Көп батирлүү турак үйдүн жана курулуп жаткан бир имараттын айнектери жана сырты талкаланган. Дагы бир үйдөгү батирде өрт чыгып, өчүрүлгөн. Бир автоунаага зыян келтирилген.

"Базанын" маалыматында шаарга жасалган чабуулдан кийин төрт адам ооруканага жаткырылган. Экөөнүн абалы оор, экөөнүкү орточо оор. Воронеж облусунун бардык аймагында 10-январдан тартып дрон чабуулунун коркунучуна байланыштуу режим иштеп жатат.

  • 10-январда Орусиянын Волгоград, Геленжик, Краснодар жана Чебоксары шаарларынын аэропортторунун ишине, учактардын учуп-конуусуна убактылуу чектөө киргизилген. Борбор калаа Москвада да ишембиге караган түнү дрон коркунучунан улам Домодедово жана Жуковский аэропортторунда рейстердин убактысы өзгөртүлгөн. Орусиянын Коргоо министрлиги билдиргендей, 10-январга караган түнү өлкө аймактарында жана оккупацияланган Крымда 59 дрон жок кылынган.
  • Ага чейин 9-январда орус армиясы Украинанын борбор калаасы Киевге жана Львов шаарына жапырт дрон соккусун урган. Украин борбор калаасынын мэри Виталий Кличко бул чабуулду "маанилүү инфраструктура үчүн эң оор чабуул" деп атаган. Киевдеги көп кабаттуу үйлөрдүн дээрлик жарымы, болжол менен 6000 имарат жылуулуксуз калган. Кол салуудан төрт адам каза болуп, дагы 24 адам жаракат алган. Львовго өзөктүк курал алып жүрүүгө жөндөмдүү жаңы "Орешник" баллистикалык ракетаcы менен чабуул коюлган.


Шерине

 

XS
SM
MD
LG