Ош шаарындагы Мамыров жана Амир-Темур көчөлөрүнүн кесилишине айланма жол курулат. Бул тууралуу калаа мэриясынан кабарлашты. Маалыматка караганда, бул долбоор айдоочулар үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарт түзүү максатында ишке ашырылууда.
Мэрия аталган кесилиште жол кырсыктары көп катталып келгендигин белгилөөдө.
Учурда тиешелүү мекемелер жол жээгиндеги курулуш иштерине тоскоолдук жараткан айрым имараттарды бузуу жана алып салуу иштерин жүргүзүп жатат.
Мамыров жана Амир-Темур көчөлөрү 2025-жылы толук реконструкциядан өткөрүлүп, жол кеңейтилип, асфальт төшөлгөн.
Кыргызстанда жол коопсуздугун камсыздоо жакшы чечилбей жаткан көйгөйлөрдүн бири. Расмий маалымат боюнча, акыркы эки жылда өлкө жол кырсыктары боюнча ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинде алдыга чыкты. 2014-жылы 7 миң 423 жол кырсыгы катталып, 514 адам каза болсо, былтыр тогуз айда 9 миң 78 жол кырсыгы болуп, 636 адам көз жумду. (КЕ)
Шерине