Кыргызстанга Орусиядан ташылып келаткан ондогон тонна картөшкө артка кайтарылганын 7-январда Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.
Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак участогундагы "Ак-Тилек" өткөрүү пунктуна жакын жайгашкан «Жыйынды постунда» Орусияга таандык 44,2 тонна картөшкөнү Кыргызстандын аймагына ташып кирүүдө карантиндик фитосанитардык талаптардын бузулушу аныкталган.
"Бажы бирлигинин комиссиясынын 2010-жылдын 18-июнундагы № 318 Чечими менен бекитилген Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) бажы аймагында карантиндик фитосанитардык контролду (көзөмөлдү) жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө жобонун 3.7 пунктуна ылайык, фитосанитардык тобокелдиги жогору карантинге алынган продукциянын партиясына фитосанитардык сертификат жоктугуна байланыштуу, жүк жөнөтүүчүгө кайра кайтарылды", - деп айтылды маалыматта.
Бул факт министрликке караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти жүргүзүп жаткан карантиндик фитосанитардык текшерүү иш-чарасы учурунда аныкталганы маалымдалды.
Былтыр жыл башында кыргыз базарын Кытайдан келген картөшкө каптаган. Ошол эле маалда жергиликтүү дыйкандар өз өндүрүмүн сата албай, чирип баратканына нааразы болгон. Азыр Бишкектин дүкөндөрүндө картөшкө 40-50 сомдон сатылууда. (RK)
Шерине