Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Январь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:00

Fox News Иранда демонстранттар эки шаарды көзөмөлүнө алганын кабарлады


Ирандын Абданан шаарында экономикалык каатчылыкка каршы көчөгө чыккан эл. 6-январь, 2026-жыл.
Ирандын Абданан шаарында экономикалык каатчылыкка каршы көчөгө чыккан эл. 6-январь, 2026-жыл.

Ирандын батыш тарабында, Ирак менен чек арага жакын жердеги Абданан жана Малекшахи шаарларында демонстранттар бийликти өз колуна алганын Fox News телеканалы Ирандын каршылык көргөзүү улуттук кеңешине шилтеме берип 7-январда кабарлады.

Интернетте тараган видеолордо Абданан шаарында көчөгө чыккан эл: "Хаменеиге өлүм!", "Быйыл кандуу жыл. Аятолла Хаменеи бийликтен кулатылат!" деп кыйкырып жаткандарын көрүүгө болот. Бир видеодо ирандык полиция кызматкерлери имараттын чатырында туруп алып көчөдөгү демонстранттарга кол чаап, кол булгалап жаткандарын көрүүгө болот.

Эки шаарда бийлик митингчилердин колуна өткөнүн расмий тараптар ырастай элек. Аятолла Хаменеи демонстранттарды аёосуз жазалоого буйрук берген.

Он күндөн ашуун убакыттан бери уланып жаткан нааразылык акцияларында Иранда 1 200дөн ашуун адам кармалган. Эл менен полициянын кагылышуусунан каза болгондор арасында 29 демонстрант, төрт бала жана коопсуздук күчтөрүнүн эки кызматкери бар. Нааразылык акциялары Ирандын 31 провинциясынын 27синде, жалпысынан 250дөн ашуун аймакта катталды.

Толкундоолор 28-декабрда борбор калаа Тегеранда башталган. Буга Ирандын улуттук акчасы риалдын наркынын АКШ долларына карата кескин арзандашы жана инфляциянын 52% чейин өсүшү себеп болгон.


Шерине

 

XS
SM
MD
LG