Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Январь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:00

АКШ Венесуэладан Орусия, Кытай, Куба, Ирандын кеңешчилерин өлкөдөн кетирүүнү талап кылды


Венесуэла бийлигин колдогон аялдардын маршы башкалаа Каракаста өттү. 5-январь, 2026-жыл.
Венесуэла бийлигин колдогон аялдардын маршы башкалаа Каракаста өттү. 5-январь, 2026-жыл.

Вашингтон Венесуэланын бийлигинен Орусия, Кытай, Куба жана Ирандын кеңешчилерин иштен бошотуп, өлкөдөн кетирүүнү талап кылууда. Бул тууралуу шейшембиде америкалык конгрессмендер менен жолугушууда мамлекеттик катчы Марко Рубио билдиргенин New York Times басылмасы кабарлады.

Рубио АКШ Венесуэланын жаңы жетекчисине бир нече талаптарды койгонун, анын арасында аталган төрт өлкөнүн кеңешчилик жана башка ролдорду аткарган аскердик, чалгындоо мекемелеринин өкүлдөрүн өлкөдөн чыгаруу да бар экенин, жаңы президент Делси Родригес алдын ала макулдугун бергенин айтып берген.

New York Times жазгандай, төрт өлкөнүн айрым дипломатиялык кызматкерлерине Венесуэлада калууга уруксат берилет. Кубанын коопсуздук кызматкерлери Венесуэла бийликтерин кайтарууда чон роль ойногону АКШнын Николас Мадурону кармоо операциясы маалында 30 кубалык аскер курман болгондо билинген.

Вашингтон ошондой эле Венесуэладан бизнес компанияларды улутташтырууну токтотуу, Уго Чавес жана Николас Мадуронун бийлиги тушунда улутташтырылган америкалык компанияларга реституция төлөп берүүнү да күтүп жатканы кабарланды.

3-январда АКШнын күч органдары Венесуэланын борбору Каракаста атайын операция жүргүзүп, өлкөдөн чыгарып кеткен Мадурого, анын жубайына жана дагы төрт кишиге наркотерроризм, кокаин импорттоо, курал-жарак сактоо жана колдонуу тууралуу төрт пункттан турган айып тагылган.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG