Шейшембиде Парижде чогулган Франция, Британия жана Украинанын лидерлери Орусия менен тынчтык келишимине кол коюлгандан кийин украин жергесинде француз, британ жана айрым башка союздаш өлкөлөрдүн аскерлерин жайгаштыруу тууралуу ниетин билдирген декларацияга кол коюшту.
Киевге союздаш өлкөлөрдүн аракети менен чогулган Париждеги жыйынга 27 мамлекет башчысы, 35 өлкөнүн расмий өкүлдөрү катышты. Анда согуштан кийин Украинадагы коопсуздукту камсыздаш үчүн АКШ жетекчилиги астында көз сала турган көп улуттуу күчтөрдү уюштуруу механизмдери макулдашылды.
"Коалициянын колунда азыр мазмундуу документтер бар экени маанилүү. Жөн эле куру сөз эмес. Бул эми конкреттүү сунуштар: коалицияга кирген бардык тараптардын биргелешкен декларациясы жана Франция, Британия, Украина кол койгон үч тараптуу декларация", - деп белгиледи Парижде президент Зеленский.
Көп улуттуу күчтөр тууралуу декларацияда союздаш өлкөлөр аскерлерин Украинага ыктыярдуу түрдө жөнөтөрү айтылган. Италиянын премьер-министри Жоржа Мелони, Германиянын канцлери Фридрих Мерц орус-украин согушу токтотулгандан кийин өз өлкөсүнүн аскерлерин Украинада эмес, аны менен чектеш НАТОго мүчө өлкөдө жайгаштыруу планы бар экенин белгилешти.
Франция жана Британиянын лидерлери орус-украин согушу аяктагандан кийин Украинада аскердик борборлорду ачып, украин армиясына колдоо көргөзөрүн билдиришти.
- Киев көптөн бери ок атышууну токтотуу макулдашылгандан кийин да Орусиянын жаңы чабуулдарынан коргонуш үчүн Украинага НАТОдогу өнөктөш өлкөлөрдүн коопсуздук боюнча кепилдиктери зарыл экенин белгилеп келатат. Москва тынчтык келишимине кол коюш үчүн Украина кандай болбосун аскердик альянстарга кирбейт деген кепилдикти талап кылып жатат.
- Владимир Зеленский коопсуздук кепилдиктери катары украин армиясынын саны 800 миңдей аскерден куралышы, Украинанын Евробиримдикке мүчөлүгү, өлкөнүн энергетика жана финансы тармактары жерден, асмандан жана деңизден корголушу зарыл экенин кайталап келатат. Андан тышкары Киев АКШ тараптан Конгрессте бекитилген коопсуздук боюнча милдеттенмелер болушуна умтулууда.
Шерине