Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Январь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:53

ӨКМ Бишкектеги Карылар үйүндө өрт чыкканын билдирди


Окуя болгон жерден тартылган сүрөт.
Окуя болгон жерден тартылган сүрөт.

Бишкекте Карылар үйүндө өрт чыкканын, ушу тапта өрттү толук өчүрүү аракети көрүлүп жатканын 6-январда кечки саат 19:40 чамасында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, эки кишинин өмүрү кыйылды, 15 киши эвакуацияланды.

"Бишкек шаарынын Биринчи Май районунда, баштапкы маалымат боюнча, Абай көчөсүндө жайгашкан Карылар үйүнөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө жалпы төрт күжүрмөн эсеп жана штаб тартылды. Учурда өрт чектөөгө алынып, толук өчүрүү иштери жүрүүдө. Тилсиз жоодон 15 адам эвакуацияланып, эки адам каза болду", - деп айтылды ӨКМдин маалыматында.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG