Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Январь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:53

Орусияда былтыр жүздөй адам өмүр бою соттолду


Былтыр январдан ноябрга чейин Орусиянын соттору жүздөй адамды өмүр бою эркинен ажыратты. Бул тууралуу ТАСС Жогорку соттун басма сөз кызматына таянып билдирди.

Бул акыркы 20 жыл ичиндеги рекорддук көрсөткүч. Ага чейинки эң жогорку көрсөткүчтөр 2005-2012-жылдары катталып, 84төн өкүм чыккан. 2005–2024-жылдары 1 316 адам ушундай жазага тартылган.

ТАСС акыркы жылдары Кылмыш-жаза кодексинин бир катар беренелерине өмүр бою эркинен ажыратуу жазасы кошулганын белгилеген. Алардын арасында мамлекетке чыккынчылык кылуу, террордук акт уюштуруу же террордук иш-аракетке тартуу боюнча беренелер бар.

"Биринчи бөлүм" аттуу укук коргоо долбоорунун маалыматында, Орусиянын Украинага каршы масштабдуу согушу башталгандан бери орус соттору мамлекетке чыккынчылык жана тыңчылык боюнча миңден ашуун өкүм чыгарган. Алардын 468и 2025-жылга туура келет. Бул 1997-жылдан берки эң жогорку көрсөткүч. Изилдөөгө ылайык, согуш башталгандан бери мамлекетке чыккынчылык, тыңчылык жана купуя кызматташуу беренелери Орусиядагы саясий репрессиянын негизги куралына айланган.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG