Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Январь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:53

Аскер бөлүктөгү жоокердин өлүмүнө шектүү кармалды


Жалал-Абад облусунда жоокерди өзүнө кол салууга жеткирген шектүү кармалды. Бул тууралуу Аскер прокуратурасы жергиликтүү басылмалардын бирине билдирди.

Аталган факт Кылмыш-жаза кодексинин 128-беренесинин 1-бөлүгү ("Өзүнө кол салууга жеткирүү") менен катталган. Шектүү катары 2006-жылы туулган М.М. аттуу аскер кармалып, Манас шаарындагы убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Аскер прокуратурасы керектүү экспертизалар жүргүзүлүп, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын Кайтаруу жана конвой департаментинин жооптуу кызматкерлерине чара көрүлөрүн билдирген. Кылмышка катышкан башка адамдарды да аныктоо иштери жүрүп жатат.

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Бай-Мундуз айылындагы №10 түзөтүү мекемесинде кызмат өтөп жаткан жоокер 5-январда өз жанын кыйганы маалымдалган.

18 жаштагы улан Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын Кайтаруу жана конвой департаментинин батальонунда кызмат өтөп жаткан.

Аталган мекеме тараткан билдирүүгө ылайык, окуя дүйшөмбүдө болжол менен саат 15:25те болгон. Баштапкы маалыматта жоокер белгисиз себептерден улам табелдик куралы менен өзүн атып, дароо жан бергени кабарланган.

Окуя болгон жерге Кайтаруу жана конвой департаментинин башчысы Курманбек Сокеев, ыкчам-тергөө иштерин уюштуруу үчүн тиешелүү кызматтардын жетекчилери барган.

Текшерүү иштерине Базар-Коргон райондук ички иштер бөлүмү жана Жалал-Абад гарнизонунун аскер прокуратурасы да тартылган.

Маркумдун жакындары маалымат бере элек.

Былтыр июлда Жалал-Абаддагы Жаза аткаруу кызматынын аскер бөлүгүндө 20 жаштагы жоокер асынган абалда табылган. Аскер бөлүгүнүн командиринин айтымында, маркум катында аны менен чогуу кызмат өтөгөн жоокердин психологиялык кысымына кабылганын жазган. Андан мурда Жаза аткаруу кызматынын дагы бир жоокери суицидге барганы белгилүү болгон. Маалыматтарга караганда, ал жоокер Бишкекте соттолуучулардын бирин гемодиализ алуу үчүн медициналык мекемелердин бирине коштоп баргандан көп өтпөй ажатканага кирип өзүн атып алган. Окуянын себептери айтылган эмес.

Аскерде каза болгондордун жакындарынын дээрлик баары суицид деген версияны четке кагышат. Алар уулдары же киши колдуу болгонун, же өзүнө кол салууга жеткирилгенин айтып келишет. (ST)

Шерине

 

XS
SM
MD
LG