Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Январь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:53

БШК №13 округ боюнча шайлоочулардын тизмесин жарыялады


Жогорку Кеңешке шайлоо учурунда тартылган сүрөт. 2025-жыл.
Жогорку Кеңешке шайлоо учурунда тартылган сүрөт. 2025-жыл.

Борбордук шайлоо комиссиясы №13 округунда өтө турган Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо боюнча добуш берүүчүлөрдүн тизмесин "Тизме" порталына жайгаштырды.

Шайлоочулардын тизмесин Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринде (КБМР) камтылган маалыматтарынын негизинде Президентке караштуу Иш башкармалыгынын алдындагы "Кызмат" мамлекеттик мекемеси түзгөн.

Шайлоочулардын биротоло тизмелери 2026-жылдын 13-январына чейин 94 шайлоо участокторунда илинет.

Тизмеде 161 347 шайлоочу болсо анын 80 394 же 49,83% эркектер, 80 953 же 50,17% аялдар.

18 жаштагылар 585 же 0,36%, 19-35 жаштагылар 67 435 же 41,80%, 36-45 жаштагылар 35 915 же 22,26%, 46-55 жаштагылар 23 500 же 14,56%, 56-65 жаштагылар 19 687, же 12,20%, 66 жаштан жогоркулар – 14 225 же 8,82%.

Шайлоочу өзүн тизмеден 2026-жылдын 18-февралына чейин (кошо алганда) 1255 же 119 кыска номерлерине чалып; шайлоо участогунан; "tizme.gov.kg" сайтынан текшерсе болот. Андан тышкары ПИН-кодун (жарандык паспорттогу персоналдык идентификациялык номер) 119 кыска номерине SMS түрүндө жөнөтүп, жооп катары өзүнүн шайлоо участкасынын номери менен дарегин ала алат (SMS жана чалуулар акысыз).

"Кандайдыр бир каталарды же так эместикти тапканда, шайлоочу 2026-жылдын 18-февралына чейин (кошуп алганда) электрондук форматта мыйзамдарда белгиленген тартипте авторлоштуруудан өтүп, “tizme.gov.kg” сайтында "Шайлоочунун кабинети" сервиси аркылуу арыз менен кайрылууга укуктуу. Шайлоочулардын тизмесинде жок болгон учурда, биометрикалык каттоодон өтпөгөн жарандар Калкты тейлөө борборлорунан (КТБ - ЦОН) бул жол-жободон өтө алышат", - деп жазылган маалыматта.

БШК Жалал-Абад облусундагы №13 округдагы кайра шайлоону 1-мартка белгилеген. Үгүт иштери добуш берүүгө 20 күн калганда башталат. Кайра шайлоо өткөрүүгө 18,5 миллион сом кетери эсептелген. Каражат республикалык бюджеттен алынат.

Аталган округдагы шайлоонун жыйынтыгы 3-декабрда жокко чыккан, Боршайком муну добуш берүүнүн купуялуулугу бузулганы менен негиздеген. Аталган округдагы 35 добушканада шайлоонун жүрүшүн көзөмөлдөө максатында камералар орнотулганы, үгүтчүлөр ким кандай добуш бергенин байкап турганы айтылган. (ST)


Шерине

 

XS
SM
MD
LG