Блогерлерди тескөөчү мыйзам долбоору даярдалууда
Нью-Йоркто Венесуэланын президенти Николас Мадуро менен жубайынын соту болот. Аларга “наркотеррорчулук” жана “кокаин импорттоо максаты менен кутум” уюштуруу сыяктуу бир нече айып тагылууда. Бишкекте дарыгер Айгүл Зибированын өлүмү боюнча анын жакындары күмөндүү жагдайлар бар экенин билдиришти. Алардын айтымында, Айгүл көз жумган маалда мурдагы жигити жанында болгон. Дарыгердин өлүмүнүн себеби катары асфиксия деген корутунду чыгарылган. Кыргызстанда блогерлерди тескеген жаңы мыйзам долбоору даярдалууда. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев билдиргендей, блогерлер тараткан маалыматы үчүн жоопкерчилик алууга тийиш.
Чыгарылыштар
-
Июнь 01, 2026Израил армиясы Ливандын ичкери аймагына кирди
-
Май 29, 2026Орусия мигранттарга көзөмөлдү дагы күчөтөт
-
Май 28, 2026Иран менен АКШ бири-бирине чабуул койду
-
Май 26, 2026Орусия чет элдиктерди Киевден чыгып кетүүгө чакырды
-
Май 25, 2026Жапырт соккунун кесепети: Киевдеги кыйроолор
Шерине