Ички иштер министрлиги (ИИМ) кышкы эс алуу күндөрүндө баллон же тюбинг менен муз тебүүнүн кесепетин эскертип, жарандарды тюбингди атайын жабдылган, коопсуз жайларда гана, белгиленген эрежелерди так сактоо менен колдонууга чакырды.
“Тюбингдин ылдамдыгы жогору болгондуктан аны башкаруу же тез токтотуу кыйын, ошондой эле тоскоолдуктарга же башка адамдарга урунуу коркунучу чоң. Көп учурда мындай жагдай кулап кетүү жана оор жаракаттар менен аяктайт”, - деп жазылган милициянын эскертүүсүндө.
Кышкы эс алуу учурунда тюбингден учуп кетип жаракат алгандар болуп жатканы тууралуу маалыматтар социалдык тармактарга жарыяланып жатат.
Фейсбукта Оштогу Чыйырчык ашуусунан 2-январда бир күндө үч адам баллондон кулап, түрдүү жаракат алганы тууралуу маалымат чыкты.
Кыргызстандыктар үчүн 1-6-январь күндөрү Жаңы жылдык каникул болот. 7-январда Иса пайгамбардын туулган күнүнө (ред: Рождество) байланыштуу да жарандар эс алат.
Министрлер кабинетинин токтому менен мамлекеттик, муниципалдык мекеме-уюмдардын, мамлекеттик бюджеттен каржыланган ишканалардын кызматкерлеринин жаңы жылдык эс алуу күндөрү 9-январга чейин узартылган. (ZKo)
Шерине