Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:32

АКШ: Зеленский менен Трамптын жолугушуусунан майнап чыктыбы?


Украинанын президенти Владимир Зеленский менен АКШ лидери Дональд Трамп жолугушуудан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатышат.
Украинанын президенти Владимир Зеленский менен АКШ лидери Дональд Трамп жолугушуудан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатышат.

АКШ президенти Дональд Трамп Украинадагы согушту токтотууга багытталган тынчтык сүйлөшүүлөрү “туура багытта баратат” деп билдирди.

Флорида штатындагы Мар-а-Лаго резиденциясында АКШ лидери Дональд Трамп менен Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин жолугушуусу аяктады. Жолугушуудан кийин эки президент журналисттердин алдына жакшы маанайда чыгышты. АКШ президенти Дональд Трамп Украинадагы согушту токтотууга багытталган тынчтык сүйлөшүүлөрү “туура багытта баратат” деп билдирди. Ал мындай билдирүүнү Украина президенти Владимир Зеленский менен эки саатка созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин жасады. Эки президент бул убакыт ичинде европалык лидерлер менен телефондон сүйлөшүүгө да жетишишти.

28-декабрда Флоридада өткөн Трамп менен Зеленскийдин жолугушуусу бир нече жумага созулган дипломатиялык сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы болду.

Бул дээрлик төрт жылга жакын убакыттан бери уланып жаткан согушту токтотууга багытталган сүйлөшүүлөрдөгү эң натыйжалуу кадамдар.

Флоридадагы резиденциясында Зеленский менен бетме-бет жолугуп, европалык лидерлер менен видеоконференция өткөргөндөн кийин Трамп сүйлөшүүлөрдө илгерилөө бар экенин, бирок азырынча чечүүчү жыйынтыктар кабыла алына электигин белгиледи.

"Биз аябай жакындап калдык, балким абдан эле жакынбыз. Орусия [согуштун] бүтүшүн каалайт. Баары эле анын аякташын каалайт", — деди Трамп. Бирок cүйлөшүүнүн чоо-жайына токтолгон жок.

Украина президенти Владимир Зеленский АКШ менен Украинанын ортосунда коопсуздук кепилдиктери 100 пайызга макулдашылганын, ал эми АКШ, Украина жана Европа ортосунда коопсуздук кепилдиктери да дээрлик толук макулдашылганын билдирди.

Ал соңку апталарда америкалык жана украиналык делегациялар жетишкен прогрессти жогору баалай турганын белгиледи.

Трамп Донбасстын макамы тууралуу маселеазырынча татаал бойдон калып жатканын да белгиледи.

"Бул суроо толук чечиле элек, бирок биз аны чечүүгө олуттуу түрдө жакындадык. Бул абдан татаал маселе, бирок менимче, ал чечилет», — деп жооп берди Трамп журналисттин суроосуна.

АКШ президенти кошумчалагандай, согуш "бир нече жуманын ичинде" бүтүшү мүмкүн, бирок ошондой эле такыр эле бүтпөй калышы да ыктымал.

Зеленский буга чейин Киев иштеп чыккан 20 пункттан турган тынчтык планын АКШ жана Евробиримдик менен жолугушууда талкуулоону көздөп жатканын билдирген. Трамп Politico менен маегинде жолугушуу жемиштүү болот деп ишенип жатканын айтты.

Axios басылмасы жолугушуу тынчтык планын алдыга жылдырууда маанилүү жылыштын белгиси болушу ыктымал деп баалайт. Буга чейин Трамп маселе чечилүүгө жакындаса гана Зеленский менен жолугушарын айткан. Зеленский болсо Трамптын планы "90% макулдашылганын, көп маселени Жаңы жылга чейин чечүүгө мүмкүн экенин" жазган.

Басылма эң оор маселе Орусиянын Донбасска толук ээ болуу тууралуу талабы экенин эске салды. АКШ украин аскерлерине чыгып кетүү сунуштала турган райондорду демилитаризациялык "эркин экономикалык зонага" айландырууну сунуштоодо.

Кечээ Владимир Зеленский Канададагы сапары учурунда Европанын лидерлери менен сүйлөштү. Онлайн сүйлөшүүгө Канада, Франция, Финляндия, Германия, Италия, Дания, Польша, Нидерланд, Норвегия жана Швециянын лидерлери катышты.

Бул жолугушуудан кийин Зеленский: "Согушта да, дипломатияда да Путиндин манипуляциясына жана анын согуштун адилеттүү аякташынан качышына жол бербөө үчүн күчтүү позициялар керек", - деп жазды Телеграм каналына.

Орусиянын президенти Путин болсо кечээ Башкы штабдын башчысы Валерий Герасимовдун докладын укту.

Анда Орусиянын армиясы Украинанын Запорожье облусунда Гуляйполе шаарын жана Покровск районундагы Мирноградды алганы айтылды.

Герасимов орус күчтөрү бардык багытта чабуул коюп жатканын айтты.

Путин анда согуш үчүн күнөөнү кайра эле Украинага оодарып, өзүн сүттөн ак көрсөтүүгө аракет кылды.

Көп өтпөй Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы орус армиясынын Гуляйполе жана Мирноград шаарларын алганы тууралуу кабарларды төгүндөдү.

Украин тарап орус армиясынын өкүлдөрү жана президент Владимир Путиндин Запорожье облусундагы Гуляйполе жана Донецк облусундагы Мирноград шаарларын ээледи деген билдирүүлөрү ырасталбаганын кабарлады.

"Гуляйполеде абал оор болгону менен коргонуу операциясы уланып жатат. Украинанын жоокерлери баскынчылардын калаадагы жөө аскерлерин жок кылуу операцияларын жигердүү жүргүзүүдө. Мирноградда да кырдаал оор, бирок душмандын Покровск-Мирноград агломерациясын басып алуу планы жүзөгө аша элек, мындан улам алар дезинформацияны курал катары колдонууга аргасыз", - деп жазылган маалыматта.

Украина Орусиянын Донецк облусундагы Костантиновка шаарынын жарымын көзөмөлгө алдык деген маалыматы да чындыкка жатпай турганын айтууда.

Мындан тышкары Башкы штаб Купянск шаарын ээлегенин да орус тарап бир нече жолу жарыялаганын эске салды. Иш жүзүндө Украинанын күчтөрү Купянскини орус аскерлеринен тазалап жатканын, калааны былтыркы сентябрдан бери алуу аракети ишке ашпай келатканын билдирди.

Трамп менен Зеленскийдин жолугушуусун утурлай Орусия Украинага чабуулдарын күчөттү. 27-декабрда Киевди 500 дрон жана 40 ракета менен бутага алып, андан ондогон киши жараат алып, бирөө каза тапты.

Шерине

XS
SM
MD
LG