Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:05

Шайлоо: Эреже бузуулар жөнүндө 269 билдирүү түштү

  • Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өттү.
  • Өлкө боюнча 30 шайлоо округу түзүлгөн. Ар бир округдан үчтөн депутат шайланып келет. Алардын бири аял болушу кажет (же эки аял болсо бири эркек болушу шарт).
  • 460 талапкердин 271и эркек, 189у аял.
  • Боршайком 37 кишини талапкер катары каттоодон баш тарткан.
  • Талапкерлердин 78и мурдагы депутаттар. 24-сентябрда 7-чакырылыштагы парламент өзүн-өзү тараткан.
  • Боршайком билдиргендей, 4 294 243 шайлоочу добуш берет. Анын 48,47% эркектер, 51,52% аялдар.
  • Шайлоого 800гө жакын эл аралык байкоочу көз салат.





21:59 30.11.2025

Талас облусу Чүй облусунун айрым аймактары менен кошо эки округга бөлүнгөн.

№ 16 округдун борбору деп Талас шаары белгиленген, курамына шаар өзү жана облустун Айтматов, Манас, Бакай-Ата райондору кирген. Мында үч орунга 10 талапкер ат салышты. Баштапкы эсеп боюнча, эң көп добуш Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, 49 жаштагы Дастанбек Жумабековдо, талапкерлигин "Ынтымак" саясий партиясы көрсөткөн Медина Кайрылбековада жана 36 жаштагы Медер Чотоновдо.

Ал эми Талас району Чүй облусунун айрым райондору менен катар кирген № 17 округда үч орунга 15 талапкер атаандаш болду. Добуштарынын саны жагынан Нурланбек Азыгалиев, Улукбек Узакбаев жана аялдардан Чолпон Эсенаманова алдыда келе жатат.

21:55 30.11.2025

Борбор калаа Бишкек шаарындагы №20 шайлоо округунда 128 180 шайлоочу бар. Бул округда 17 талапкер ат салышты. Саат 19.00дөгү эсептер боюнча Темирлан Айтиев, Сеидбек Атамбаев жана Гүлнара Ташыбекова алдыда баратат. Акыркы жыйынтык жарыялана элек.

№21 шайлоо округунда 139 403 шайлоочу катталган. Бул округдан 16 талапкер чыккан. Баштапкы эсептер боюнча Куванычбек Конгантиев, Жаныбек Абиров жана Жылдыз Садырбаева озуп чыкты.

№22 шайлоо округунда 136 100 шайлоочу катталган. Баштапкы маалыматтарга ылайык, алдыңкы орунга Дастан Бекешев, Болот Ибрагимов жана Гуля Кожокулова чыгышты.

№23 шайлоо округунда 132 442 шайлоочу бар. Бул округдан парламенттик шайлоого 13 талапкер ат салышты. Баштапкы эсептер боюнча алдыга Элвира Сурабалдиева, Марлен Маматалиев, Үмбөталы Кыдыралиев алдыга чыкты.

№24 шайлоо округунда 134 994 шайлоочу бар. Бул округдан 13 талапкер катталган. Бир талапкер шайлоодон четтетилген. Баштапкы маалыматтарга караганда, алдыңкы орундарга Жумабек Салымбеков, Гүлнара Акимбаева жана Арафат Исмаилов чыкты.

№25 шайлоо округунда (Чүй облусунун жана Бишкектеги айрым райондордун аймактары кирген) 141 908 шайлоочу катталган. Аталган округдан 13 талапкер ат салышты. Бахридин Шабазов, Бакыт Тентишев жана Эркайым Сейитказиева алдыда баратат.

21:50 30.11.2025

№1 шайлоо округу – Баткен облусунун Лейлек районунда 136 220 шайлоочу бар. Бул округда 17 талапкер ат салышты. Баштапкы эсептер боюнча эркектерден Чыңгыз Ажибаев, Исманали Жороев, аялдардан Камила Талиева алдыда баратат.

№2 шайлоо округу – Баткен облусунун Баткен жана Кадамжай райондорунда 144 380 шайлоочу бар. Бул округда 14 талапкер ат салышты. Баштапкы эсептер боюнча эркектерден Ырысбек Атажанов, Бахтияр Калпаев, аялдардан Бурун Аманова алдыга чыкты.

№3 шайлоо округу – Баткен облусунун Кадамжай районунун бир бөлүгүндө, Ош облусунун Ноокат жана Араван райондорунун бир бөлүгүндө 136 040 шайлоочу бар. Бул округда 17 талапкер ат салышты. Баштапкы эсептер боюнча эркектерден Равшанбек Рысбаев, Жаныбек Аматов, Акрам Мадумаров, аялдардан Махабат Мавлянова алдыга чыкты.

21:48 30.11.2025

№4 шайлоо округу – Ош облусунун Ноокат районунун бир бөлүгүндө жана Араван районунун бир бөлүгүндө 128 275 шайлоочу бар. Бул округда 11 талапкер ат салышты. Баштапкы эсептер боюнча аялдардан Советбек Рустамбек уулу, Уланбек Жаанбаев, аялдардан Нилуфар Алимжанова алдыга чыкты.

№5 шайлоо округу – Ош облусунун Араван районунун бөлүгүндө жана Ош шаарынын бир бөлүгүндө 164 557 шайлоочу бар. Бул округда 14 талапкер ат салышты. Баштапкы эсептер боюнча Элдар Сулайманов, Азамат Исраилов, аялдардан Айгүл Ахмедова алдыга чыкты.

№6 шайлоо округу – Ош шаарынын негизги бөлүгүндө жана Кара-Суу районунун бир бөлүгүндө 161 323 шайлоочу бар. Бул округда 14 талапкер ат салышты. Баштапкы эсептер боюнча эркектерден Алтынбек Кудайбердиев, Бекмурза Эргешов, аялдардан Салтанат Аманова алдыга чыкты.

№7 шайлоо округу – Ош шаарынын бир бөлүгүндө жана Кара-Суу районунун бир бөлүгүндө 141 018 шайлоочу бар. Бул округда 13 талапкер ат салышты. Баштапкы эсептер боюнча эркектерден Алишер Козуев, Илимбек Кубанычбеков, аялдардан Гүлай Машрапова алдыга чыкты.

№8 шайлоо округу – Алай, Чоң-Алай райондорунда жана Кара-Суу районунун бир бөлүгүндө 142 405 шайлоочу бар. Бул округда 21 талапкер ат салышты. Баштапкы эсептер боюнча эркектерден Жанарбек Акаев, Улан Примов, аялдардан Нуржамал Төрөбекова алдыга чыкты.

№9 шайлоо округу – Кара-Суу районунун бир бөлүгүндө жана Өзгөн районунун бир бөлүгүндө 122 779 шайлоочу бар. Бул округда 21 талапкер ат салышты. Баштапкы эсептер боюнча эркектерден Данияр Төлөнов, Эрнис Толтоев, аялдардан Ыргал Кадыралиева алдыга чыкты.

№10 шайлоо округу – Кара-Кулжа районунунда жана Өзгөн районунун бир бөлүгүндө 136 218 шайлоочу бар. Бул округда 16 талапкер ат салышты. Баштапкы эсептер боюнча эркектерден Курманкул Зулушев, Сүйүн Өмүрзаков, аялдардан Гүлнара Баатырова алдыга чыкты.

Кыргызстан боюнча 2 миң 492 шайлоо тилкеси саат 8:00дө ачылып, добуш берүү 20:00дө аяктады. Мындан тышкары аралыктан добуш берүү үчүн 27 тилке иштеди. Чет өлкөлөрдө 100 тилке ачылды.

Боршайком билдиргендей, шайлоого жалпы 460 талапкер ат салышты. Бул жолу 4 294 243 шайлоочу деп саналган. Анын 48,47% эркектер, 51,52% аялдар.

Дагы жүктөңүз

Шерине

XS
SM
MD
LG