Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:40

“Шератондогу" чырга байланыштуу сот чечими чыкты


Окуя Бишкектеги беш жылдыздуу мейманканада болгону кабарланган.
Окуя Бишкектеги беш жылдыздуу мейманканада болгону кабарланган.

Бишкекте бийчи Жан Воиновдун жакындарынын зомбулугуна кабылганын айтып, милицияга кайрылгандардын арызы боюнча сот чечими чыкты. Бул тууралуу жабырлануучулардын адвокаты Шердор Абдыкапаров кабарлады.

Анын айтымында, Биринчи май райондук сотунунун чечимине ылайык, Зарина Воиновага 50 миң сом айып салынды. Инисине Рустам Абдрешовго үч жылдык пробация жазасы берилди. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (“Бейбаштык”) боюнча айып коюлган.

Азырынча айыпталуучулар сот чечими боюнча комментарий бере элек.

3-июлда Бишкектин тургуну Алина Жакыпова 30-июнда Sheraton мейманканасында курбулары менен эс алганы барганда зомбулукка кабылганын социалдык түйүндөргө жазып, Жан Воиновду, анын аялын жана кайнисин айыптап, видео жарыялаган.

Жан Воинов алып баруучу Ассоль Молдокматованын жана мушкер машыктыруучу Александр Воиновдун уулу болгондуктан окуя коомчулукта кызуу талкуу жараткан. Кыз-келиндердин коопсуздугу, зордук-зомбулук маселеси көтөрүлгөн.

Бийчи өзү, анын эки жансакчысы жана кайниси Рустам Алмасов кармалганы маалымдалган. Воинов арыз жазгандардын биринин тосмо арызынын негизинде камактан бошотулганы белгилүү болгон. (TSh)


Шерине

XS
SM
MD
LG