Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Октябрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:41

Улуттук банк валюта базарына 38 млн доллар сатты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук банк 1-октябрда валюта базарына 38 млн доллар сатты жана бул жыл башынан берки бешинчи интервенция болуп калды. Өлкөнүн негизги банкы акыркы жолу 15-сентябрда 81 млн 500 миң доллар саткан.

Улуттук банк 2024-жылы валюта рыногуна 26 жолу интервенция менен чыккан. Анын ичинен 13 жолу АКШ долларын сатып алып, 13 жолу саткан. Расмий маалыматка ылайык, былтыр 675,6 млн доллар сатылып, 369,8 млн доллар сатып алынган.

Улуттук банк өлкөдөгү доллардын курсун бир калыпта кармоо үчүн валюталык интервенцияларды жасап турат. Интервенция доллардын курсу кескин көтөрүлүп же түшүп кеткенде жасалат. (BTo)



Шерине

XS
SM
MD
LG