Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Сентябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:30

“Бир дүйнө-Кыргызстан” уюму президенттен Кыйноолорду алдын алуу борборун сактап калууну өтүндү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

“Бир дүйнө-Кыргызстан” укук коргоо уюму президент Садыр Жапаровго кайрылып, Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борборду сактап калууну өтүндү. Өкмөттүк эмес мекеме мамлекет башчыга жолдогон кайрылуусун өз сайтына да жарыялады.

Укук коргоо уюму анда Жапаров ишке киришкен маалда адам укуктарын сактоо, адам эркиндиктерин камсыздоо боюнча берген убадаларын эскерип, Бириккен Улуттар Уюмунун баш кеңсесиндеги “адам укуктары жаатындагы эл аралык милдеттемелерди сактоо” жөнүндө сөздөрүн мисал тарткан. Ушундай шартта улуттук борборду жоюу туура эмес болору айтылып, ал тиешелүү жайлардагы кыйноолорду болтурбоодо салымы чоң экени белгиленди.

“Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор сиздин өзгөчө көңүл бурууңузга, анын мандатына жана макамына ылайык колдооңузга муктаж. Улуттук борбор уникалдуу мандатка ээ жана жарандардын ишенимин арттыруу, жергиликтүүдөн глобалдык деңгээлге чейин чечимдерди кабыл алуу процесстеринде жарандардын бирдей катышуусун камсыз кылуу боюнча бийликтин бардык органдарына көмөкчү болуп саналат”, – деп айтылат “Бир дүйнө-Кыргызстандын” кайрылуусунда.

Жогорку Кеңеш 25-июндагы жыйынында “Акыйкатчы жөнүндө” мыйзам долбоорун кабыл алып, документ июль айында президентке кол коюуга жөнөтүлгөн. Ага ылайык, Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор жоюлуп, Акыйкатчы институтунун курамына киргизилет. Парламенттеги талкууларда борбор институттун функцияларын кайталагандан улам аны жоюу сунушу берилип жатканы айтылган.

Президент Садыр Жапаров 12-августта “Акыйкатчы жөнүндө” мыйзам долбоорун каршы пикир менен артка кайтарган.

Президенттин сайтындагы маалыматта белгиленгендей, документтин 21-беренесинде “акыйкатчыны, анын орун басарларын жана аппаратынын кызматкерлерин медициналык тейлөө атайын статусу бар мамлекеттик бийлик органдары үчүн белгиленген деңгээлден төмөн эмес деңгээлде ишке ашырылат” деп жазылганы каталып катары көрсөтүлгөн. Финансы министрлиги мындай чыгым 2025-жылдын бюджетинде каралбаганын билдирип, каржы булагы аныкталганга чейин бул беренени алып туруу сунушун берген.

Мамлекет башчы андан тышкары акыйкатчы кызматына талапкерди көрсөтүү жана шайлоо беренелеринде дал келбестиктер бар экенин белгилеген.

Буга чейин бир катар эл аралык жана жергиликтүү укук коргоо уюмдары, жарандык коомдун өкүлдөрү тынчсыздануусун билдирип, Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борборду өз алдынча мекеме катары калтыруу сунушун беришкен.

Кыргызстанда кыйноо фактыларын азайтуу үчүн жабык мекемелерди туруктуу текшерүүгө ала турган улуттук борбор 2013-жылы түзүлгөн. Аны түзүү Кыргызстан 2008-жылы БУУнун кыйноолорго каршы факультативдик протоколуна кошулганда алган милдеттердин бири болгон. Бул борбор соңку жылдары жабык жайлардагы даттанууларды туруктуу текшерип, бир нече мыйзам бузууларды аныктап келген. (ErN)

Шерине

XS
SM
MD
LG