Мамлекет башчы Садыр Жапаров 22-сентябрда Нью-Йорк шаарында АКШ президентинин Түштүк жана Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Сержио Гор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Президенттик администрациядан билдиргендей, жолугушууда эки тараптуу жана көп тараптуу форматтарда, анын ичинде экономикалык багытта мамилелерди чыңдоо маселелери талкууланды. Мындан тышкары миграциялык процесстерди көзөмөлдөө маселелери каралды. Сүйлөшүүгө катышкандар бул багытта конструктивдүү диалогду өнүктүрүүгө кызыкдар экенин белгилешти.
Садыр Жапаров Кыргызстан Трамптын администрациясы менен активдүү кызматташууга, ошондой эле региондо туруктуу өнүгүүнү жана стабилдүүлүктү камсыздоого багытталган биргелешкен демилгелерди илгерилетүүгө даяр экенин белгилеген. Маалыматта айтылгандаЙ, тараптар саясий диалогду улантууну макулдашты.
Сапар алкагында Жапаров Улуу Британиянын мурдагы премьер-министри, учурда Глобалдык өзгөрүүлөр институтунун аткаруучу төрагасы Тони Блэр менен жолугуп, кызматташтыктын келечегин талкуулады.
Кыргызстандын президенти АКШнын Нью-Йорк шаарына иш сапары менен Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы ассамблеясынын 80-сессиясына катышуу үчүн барган.
Маалыматка караганда, мамлекет башчы Башкы ассамблеянын жалпы дебаттарында сөз сүйлөйт. Уюмдун Коопсуздук кеңешинин "Жасалма интеллект: эл аралык коопсуздук жана тынчтык" темасындагы ачык дебаттарына жана климаттын өзгөрүшү боюнча атайын иш-чарага катышат.
Мындан тышкары БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жана башка бир катар эки тараптуу жолугушуулар өткөрөт. (КЕ)
Президент Жапаров Трамптын Борбор Азия боюнча атайын өкүлү менен жолукту

Дагы караңыз
Шерине