Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Сентябрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:35

Киевде ондон ашык өзбек жараны кулчулуктан куткарылды


Өзбекстандыктар иштеген жер.
Өзбекстандыктар иштеген жер.

Украинанын Улуттук полициясы Киев облусунда 13 өзбек жаранын айыл чарба фермасында мажбурлап иштеткен кылмыштуу топту аныктаганын билдирди.
Маалыматка ылайык, топтун мүчөлөрү 22 жаштан 42 жашка чейинки өзбек жарандарына байланышып, аларга жогорку маяна убада кылып, алдап алып келишкен. Өзбекстандыктар Украинага келгенден кийин айлык акысын албай, кулчулукка туш болушкан.

"Жабыркагандар оор шартта жашап, иштешкен. Алардын баскан-турганы көзөмөлдө болуп, иштеткен адамдар документтерин алып коюшкан", — деп айтылат маалыматта.

Полициянын маалыматына караганда, кылмыштуу топтун башында Украинада жашоого уруксаты бар 51 жаштагы Кытай жараны турат. Ага кытайлык, тайланддык жана украин жарандары жардам берген.
Өзбекстандын Украинадагы элчилиги кулчулуктан бошотулган өзбек жарандары мекенине кайтарыларын билдирди. Алар учурда Киев облусундагы ооруканалардын биринде медициналык жардам алып жатышат. Элчилик өзбек жарандарына "коопсуздукка байланыштуу Украинага барууну пландабоого" чакырды. (AiA)


Шерине

XS
SM
MD
LG