Кара-Балта шаарындагы парктарды көрктөндүрүүгө, суу менен камсыздоо жана канализация тутумдарын оңдоого бөлүнгөн 1 млрд сомдун өздөштүрүлүүсү боюнча текшерүүнүн жүрүшүндө иш аткаруучу “Г.Т.И.” компаниясынын башкы директору А.Н.А. кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кабарлады.
Маалыматта айтылгандай, фирма аткарылган жумуштардын жана курулуш-монтаждоо иштеринин бааларын жалпы көлөмү 27,2 млн сомго жасалма негизде жогорулаткандыгы аныкталган.
Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 1-бөлүгүндө (коррупция) каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголуп, ал УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Июндун аягында Кара-Балтанын мэри Мирлан Жекшенов, “Жол курулуш башкармалыгы” муниципалдык ишканасынын жетекчиси кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Атайын кызмат өз маалыматында алар Кытайдан чыгарылган 17 даана автобусту кымбат баада сатып алууга жана Кара-Балта шаардык мэриясына мамлекет бөлүп берген 1 млрд сомдун мыйзамсыз иштетилиши боюнча кармалганын маалымдаган.
24-июнда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев шаар тургундарынын арызы боюнча Токмок шаарына барып, анын тапшырмасы менен жыйын учурунда калаа мэри Максат Нусувалиевди жана үч кишини кармаган. Аларга калаадагы сейил бакты куруу ишинде кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган жана коррупциялык иштерди жасаган деген айып тагылган. Ташиев ошону улай эле Кара-Балта шаарын өнүктүрүү үчүн 1 миллиард сом бөлүнгөнүн, анын максаттуу пайдаланганын текшерүү иштери жүрүп жатканын билдирген.
Буга улай башка да шаар-райондордун жетекчилери коррупцияга жана кызматынан кыянат пайдаланууга шектелип кармалышкан. (ErN)
Шерине