Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:33

Президент класстарга бала батпай жатышы 12 жылдык окууга байланыштуу эмес экенин айтты


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандагы мектептерде, айрыкча Бишкек шаарында балдар класстарга батпай жатышы 12 жылдык окууга байланыштуу эмес экенин билдирди. Бул тууралуу мамлекет башчы 18-сентябрда “Кабар” улуттук маалымат агенттигине курган маегинде айтты.

Президент мурунку жылдары 1-класска 140-150 миң бала мектепке кабыл алынса, быйыл 1-2-класстарга 227 миң бала кабыл алынганын, бирок билим берүү тармагы 12 жылдык окууга өткөнгө чейин нөлүнчү класста жыл сайын 100 миңдин тегерегинде бала окуп келгенин кошумчалады.

Бишкекте мектептерге окуучулардын батпай жатышын ички миграция жана көп үй-бүлөлөрдүн туруктуу каттоого турбаганы менен байланыштырды. Садыр Жапаров ата-энелерге мектепти жашаган жерине жараша тандоону сунуштап, билим сапаты бардык мектептерде тең болуп калганын айтты.

“Жаңы мектептерди куруп, келечектеги курулуш инвестицияларын биринчи кезекте Бишкекке багыттайбыз. Иштеп жаткан мектептерди кеңейтип жана оңдоп жатабыз, убактылуу кошумча класстар бала бакчаларда ачылууда. Мисалы, Маликов көчөсүндөгү Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулган турак үйлөр жактагы мектепте окуучулар өтө көп болгондуктан ошол жерге жаңы мектеп салынганча 700 орундуу класстар МИКтин үйлөрүнүн биринчи кабатына убактылуу уюштурулду”, - деди президент.

Жапаров быйыл өлкөдө 119 билим берүү объектиси бүткөрүлгөнүн, анын ичинен 68и мектеп жана 27и бала бакча экенин, ага карабай Бишкек шаарында мектеп тартыш болуп жатканын билдирди.

Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева Жогорку Кеңештин 18-сентябрдагы жыйынында борбордогу мектептердин дээрлик бардыгында бир класста 40тан бала окуп жатканын, айрымдарында 50дөн ашып кеткен учурлар бар экенин маалымдады.

Соңку расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда 2 миң 394 мектеп бар, анын 2 миң 170и мамлекеттик, калган 224ү менчик. Аларда 1,5 миллиондон ашуун окуучу билим алат.

2025-2026-окуу жылында “Алтын казык” мамлекеттик программасынын алкагында 12 жылдык билим берүү системасы ишке кирди. Реформага ылайык, алты жаштагы балдар 100% милдеттүү түрдө мектепте билим алат. 10-11-12-класстарда кесипке багыт бериле баштайт. Түзүлгөн окуу пландарында 11 кесипке үйрөтүү каралган. (BTo)


Шерине

XS
SM
MD
LG