Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:53

Күрөш: Айпери Медет кызы дүйнө чемпионатында күмүш медал алды


Айпери медет кызы. Сүрөт Бириккен күрөш дүйнөсү уюмуна таандык.
Айпери медет кызы. Сүрөт Бириккен күрөш дүйнөсү уюмуна таандык.

17-сентябрда Хорватиянын борбору Загреб шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпионатында кыргызстандык спортчу Айпери Медет кызы кыз-келиндер күрөшүнөн 76 килограмм салмакта күмүш медал алды.

Ал биринчи орун үчүн беттеште Эквадордук Генезис Вальдезге 2:4 эсебинде утулуп калды.

26 жаштагы Айпери Медет кызы Дүйнө чемпионатынын күмүш (2023-ж.) жана коло байгелеринин ээси (2021-ж.). Азия оюндарынын алтын (2023-ж.) жана коло (2018-ж.) байгелерин уткан. Азиянын үч жолку чемпиону (2022-ж., 2024-ж., 2025-ж.). Ошондой эле Азия чемпионатында үч жолу күмүш байге алган (2020-ж., 2021-ж., 2023-ж.). Жайкы Олимп оюндарында эки жолу 5-орунду ээлеген. Жаштар, 23 жашка чейинкилер арасында Дүйнө чемпиону жана бир нече эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү.

Загреб шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпионатында Бекзат Алмаз уулу 57 килограмм салмакта күмүш, ал эми Эрназар Акматалиев 70 килограмм салмак ченинде коло алган. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG