Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:44

12 өлкөнүн жарандарына АКШга барууга тыюу салынды


Вашингтондун Даллас аэропортуна учуп келген чет элдик жарандар. 26-июнь, 2017-жыл.
Вашингтондун Даллас аэропортуна учуп келген чет элдик жарандар. 26-июнь, 2017-жыл.

АКШ президенти Дональд Трамп Азиянын, Африканын жана Латын Америкасынын 12 өлкөсүнүн жарандарына 9-июндан тартып Кошмо Штаттардын аймагына кирүүгө тыюу салган жана дагы жети өлкөнүн жарандарына чектөө киргизген жарлыкка кол койду.

4-июнда кечинде Лос-Анжелес эл аралык аэропортуна учуп келген чет өлкөлүктөр АКШ лидеринин жарлыгына таң калып турушту. Алардын бири Мексикадан учуп келген Жек бул убактылуу гана чектөө деген үмүтүн билдирди:

"Мен президенттин жарлыгы кыска мөөнөттүү гана чектөө деп үмүт кылып турам. Менин оюмча Америка маданиятын жана эркиндигин дүйнө элдери менен бөлүшө алганы үчүн азыркы даражага жетти. АКШ башкалар үчүн үлгү боло алган лидер. Мындан улам соңку жагдай тынчсызданууну жаратпай койбойт. Эгер Кошмо Штаттар өлкөгө кирүүгө тыюу салып жатса, башка өлкөлөр да муну жасабайт дегенге ким кепилдик берет?".

4-июнда АКШга кирүүгө тыюу салынган 12 өлкөнүн тизмеси жарыяланды. Алардын катарына Ооганстан, Мьянма, Чад, Конго Республикасы, Экваториалдык Гвинея, Эритрея, Гаити, Иран, Ливия, Сомали, Судан жана Йемен кирди. Ал эми Бурунди, Куба, Лаос, Сьерра-Леоне, Того, Венесуэла жана Түркмөнстан жарандарына Кошмо Штаттарга кирүү жарым-жартылай чектелет.

АКШ: Түркмөнстан, Ооганстан, Иран "кара тизмеге" кирди
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:41 0:00



Трамп жарлыгынын максаты тууралуу билдирүүсүндө АКШга визаны кандай жол менен алганын текшерүү оңой эмес болгон же мөөнөтү өтүп кеткен виза менен жашап жүргөн жарандардын өлкөлөрүнө карата ушундай чара көрүлгөнүн, анткени алар Кошмо Штаттардын мамлекеттик коопсуздугуна коркунуч жаратарын айтты.

"Жыйырма биринчи кылымда биз дүйнөнүн булуң-бурчунда виза мөөнөтүн бузган чет өлкөлүктөр жасаган террордук чабуулдарга күбө болуп жатабыз. Байдендин саясатынын аркасында биздин өлкөгө миллиондогон адам мыйзамсыз кирди. Менин биринчи мөөнөтүмдө да мындай чектөөлөр ийгиликтүү болгон жана алар Американын жеринде ири чет элдик террордук чабуулдарды алдын алган. Биз Европада болгон окуялар Кошмо Штаттарда да болушуна жол бербейбиз. Ошондуктан мен кызматка келген биринчи күнүмдө мамлекеттик катчыга кооптуу аймактарды карап чыгуу жана чектөө киргизүү керектиги тууралуу сунуштарды берүүнү тапшыргам".

Тизме улам өзгөрүп турарын белгилеген президент ар бир өлкө боюнча кырдаал өзгөргөнүнө жараша кайсы бирлери мындай тизмеден чыгарыларын, ал эми кээ бирлери киргизилерин кошумчалады.


Ушул эле күнү Венесуэланын өкмөтү АКШ лидеринин жарлыгына реакция жасады. Өлкөнүн ички иштер, юстиция жана тынчтык министри Диосдадо Кабельо түз эфирде жарандарын АКШга барбай турууга чакырды.

"Чынын айтсам, АКШнын аймагында жүрүү бир гана венесуэлалыктар үчүн эмес, ар бир адам үчүн чоң тобокелчилик. Эгер сиз чындап эле акылсыз болсоңуз, анда АКШга барыңыз", - деп айтты министр.

Дональд Трамптын жарлыгын АКШнын өзүндө бир нече демократ саясатчы кескин сындады.

Прамила Жайапал.
Прамила Жайапал.

"Трамптын биринчи мөөнөтүнө караганда азыр чектөөлөрдүн кеңейиши өлкөнүн дүйнөлүк аренада обочолонуусун тереңдетет. Кайсы бир өкмөттүн иш-аракеттерин жактырбаганы үчүн ал өлкөнүн жарандарынын кирүүсүнө тыюу салуу орунсуз жаза", - деди АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын мүчөсү Прамила Жайапал.

АКШ лидери шаршемби күнкү кайрылуусунда өткөн аптада Колорадо штатынын Боулдер шаарында болгон кол салуу тууралуу айтып өттү.

1-июнда Газада барымтага алынган израилдиктерге колдоо көрсөткөн демонстрация маалында белгисиз адам чогулгандарга "Молотов" коктейлин ыргытып, сегиз киши жарадар болгон. Reuters полицияга шилтеме кылып, шектүүнүн аты-жөнү Мохамед Солиман экенин жана окуядан көп өтпөй камалганын жазган.

Мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү АКШнын президенти Дональд Трамптын шайлоо алдында берген убадаларынын бири болгон. Трамп президенттикке келген биринчи күнү, 20-январда эле Мексика менен чек арада өзгөчө абал киргизген. Жүздөгөн мигрант депортация болгон.

Дональд Трамп 2017-жылы Ирандын, Ливиянын, Сириянын, Сомалинин, Йемендин, Түндүк Кореянын жана Венесуэланын жарандарын АКШга киргизүүгө чектөө койгон. Трамптын администрациясы кийин ал тизмени кеңейтип, Кыргызстан, Мьянма, Эритрея, Нигерия, Судан жана Танзания мамлекеттеринин жарандарына иммиграциялык виза алууга чектөө киргизгенин жарыялаган.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

Шерине

XS
SM
MD
LG