Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:21

Укук коргоочу Камил Рузиев кармалды


Камил Рузиев.
Камил Рузиев.

Каракол шаардык ички иштер башкармалыгы укук коргоочу Камил Рузиевди кармады. Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз кызматы кабарлагандай, 1-сентябрда Каракол шаардык милициясына жабырлануучу кайрылып, Е.М. жана Р.К. аттуу эки адам анын уулуна козголгон “кылмыш ишин жабууга жардам беребиз” деп коркутуу жолу менен көп суммадагы акча талап кылганын билдирип, арыз жазган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Опузалап талап кылуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

4-сентябрда арыздын ээси Е.М.ге 30 миң сом берген. 11-сентябрда 125 миң сомду Е.М. жана Р.К. алып жаткан учурда аларды Каракол шаардык милициясы кармаганы айтылды. Кылмыш ишинин алкагында кошумча далилдерди топтоо максатында шектүүлөрдүн жашаган даректеринде тинтүүлөр жүргүзүлүп, документтер алынган.

Каракол шаардык сотунун чечими менен шектүүлөр тергөө аяктаганга чейин камалды.

Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз кызматы шектүүлөрдүн аты-жөнүн толук берген жок. Р.К. деген инициалдар Камил Рузиевдин аты-жөнүнө туура келет. Экинчи адам ким экени азырынча белгисиз. Шектүүлөрдүн жакындары менен адвокаттары комментарий бере элек.

Камил Рузиев Караколдогу “Вентус” укук коргоо уюмун жетектейт. Ал күч түзүмдөрүнүн кыйноосуна жана зомбулугуна кабылганы айтылган адамдарды коргоп, укуктук жардам берип келгени менен белгилүү.

Укук коргоочу 2020-жылы 30-майда “Документтерди жасалмалоо” жана “Алдамчылык” беренелеринин негизинде кармалып, эки күндөн кийин үй камагына чыккан. Кийин анын ишиндеги “Алдамчылык” беренеси алынган. Каракол шаардык соту 2022-жылдын 12-августунда Рузиевдин “ишинде кылмыштын курамы жок” деген негизде актаган.

Шаардык соттун мындай чечимине каршы болгон прокуратура облустук сотко кайрылган. Облустук сот “Документтерди жасалмалоо” беренеси менен айыптап, ага 80 миң сом айып салган.

Анын адвокаты Ысык-Көл облустук сотунун чечимине каршы Жогорку сотко кассациялык арыз берип, 2023-жылы 10-январда Жогорку соттун соттук коллегиясы укук коргоочуну актаган чечим чыгарган. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG