АКШнын президенти Дональд Трамп өзүнүн тарапташы, оңчул активист Чарли Киркти өлтүрүүгө шектүү адам Юта штатында кармалып, камалганын билдирди. Бул тууралуу Fox News кабарлады.
«Шектүү кармалганын дээрлик ишеничтүү айта алам», — деди Трамп. Президент шектүүнүн аты-жөнүн же анын кандай жагдайда кармалганын ачыктаган жок. Шектүү 11-сентябрь күнү кечинде камалганын билдирди.
АКШ президенти шектүүнүн атын атаган жок. Бирок кийин күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү шектүү Юта штатынын 22 жаштагы тургуну Тайлер Робинсон экенин кабарлашты.
Мунун алдында АКШнын Федералдык Тергөө башкармалыгы (ФБР) Кирктин өлүмүнө тиешеси болушу мүмкүн деген кишинин сүрөтүн жарыялаган. Ал тууралуу маалымат үчүн 100 миң доллар берилери кабарланган.
Тергөөчүлөр Киркти атуу үчүн колдонулган делген мылтык табылганын айтышкан. Алар активисттин өлүмүнө шектүү студент болушу ыктымал сүрөттөшкөн.
10-сентябрда Юта штатынын Орем шаарындагы университетте өткөн иш-чарада жарандык активист, Turning Point USA консервативдик студенттик уюмунун негиздөөчүсү Чарли Кирк киши колдуу болгон.
Мойнуна ок тийген Чарли Кирк оор абалда ооруканага жеткирилген жана кийинчерээк АКШнын президенти Дональд Трамп ал каза болгонун жарыялаган.
Кирк Трамптын жаш шайлоочулардын колдоосуна ээ болушуна жардам берген. (AiA)
Шерине