АКШнын Жоржия штатында иммиграциялык бийликтердин рейди маалында кармалган 300дөн ашуун түштүк кореялык жумушчулар жума күнү Сеулга жеткирилди. Аларды тосуп алган жакындары "Америка бизге шериктеш өлкө беле, же андай эмеспи?" деген жазуусу бар кагаздарды кармап турушту.
1953-жылы корей согушу аяктаган бери Түштүк Корея Вашингтондун ишеничтүү өнөктөшү саналат, бул өлкөдө АКШнын 41 миңдей аскери кызмат өтөгөн чет жактагы эң ири базасы бар. АКШнын Жоржия штатында жайгашкан корейлердин Hyundai жана LG компанияларынын ишканаларында жакында иммиграциялык рейддер болуп, кесипкөй жумушчулар менен кызматкерлер колдоруна кишен тагылып чыгарылганы тартылган видеолор Түштүк Кореяда нааразылык жараткан.
Американын иммиграциялык мекемеси депортацияланган 300дөн ашуун корейлер АКШга мыйзамсыз киргенин, же визасынын мөөнөтү аяктаганда кетпей калып калгандар экенин билдирген. Расмий Сеул бул окуя Түштүк Кореялык ишканалардын Америкадагы статусуна, келечегине көлөкө түшүрдү деп комментарийледи.
Шерине