Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Сентябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:49

"Балаң миграция мыйзамын бузду". Москвага кайткан кыргызстандык окуучу кызды аэропорттон өткөрбөй коюшту


Орусиядагы аба майданындагы кыргызстандык мигранттар. (архивдик сүрөт)
Орусиядагы аба майданындагы кыргызстандык мигранттар. (архивдик сүрөт)

Москвада аэропортто кыргызстандык үй-бүлөнүн 10 жаштагы кызына өлкөгө кирүүгө беш жылдык тыюу салынганы белгилүү болду. Буга чейин жашы жете элек балдардын Орусиянын аймагына кирүүсүнө тыюу салынган учурлар айтылганы менен коомчулукка ачык белгилүү болгон эмес.

Айзуура (аты өзгөртүлдү) көп жылдан бери күйөөсү жана үч баласы менен Москвада жашайт. Быйыл да адаттагыдай жайкы эс алууга Кыргызстанга келип, 6-сентябрда кайра Москвага кайтууну пландаган.

Бирок аэропортко келгенде күтүлбөгөн жагдай болуп, анын 10 жаштагы кызына өлкөгө кирүүгө тыюу салынганы айтылган.

«"Балаңызды киргизбейбиз" дешти. "Кантип?" десем, "Бардык арыз-дооматты башка жакка айтыңыз" дешти. Алар "Кызыңыз миграциялык эрежелерди бузганы үчүн өлкөгө кирүүгө тыюу салыныптыр" деп айтышты. "Кызым 10 жашта, кандай мыйзам бузду?" деген суроого да жооп беришкен жок. "Өзүңүз өтүп кетиңиз, баланы калтырыңыз, биздин убактыбызды албаңыз" деп талап кылышты», — деди Айзуура "Азаттыкка".

Айзууранын айтымында, аларды аэропортто 12 саатка жакын убакытка терезеси жок, эски темир керебеттер турган бөлмөгө киргизишкен. Ал кызын калтырууга макул болбогонун, аэропортто чек арачылардын кысымына кабылганын айтты:

«Алар мага жана кызыма катуу кысым көрсөтүштү. Ошентип, баарын таразалап, кайра кайтууну чечтим. Азыр каалаганын депортациялап, тыюу салып жатышат экен деп уктум. Тааныштарыма чалсам, "кимге эмнени далилдейсиң, балдарды кыйнабай, кет" деп кеңеш беришти. Мени эки балам менен бир бөлмөгө киргизип коюшту. Кондиционер тынымсыз иштеп турду. Азыр өзүм да, балдарым да ооруп жатабыз. Ал бөлмө түрмөгө окшош эле. Керебеттерге жаткандан жийиркендик. Темир отургучтарда гана отурдук. Балдар үчүн бул чоң стресс болду».

Айзууранын колуна чек арачылар берген документ.
Айзууранын колуна чек арачылар берген документ.

Айзууранын колуна чек арачылар 6-сентябрда расмий документ тапшырган. Анда анын кызына 2028-жылдын 18-майына чейин Орусияга кирүүгө тыюу салынганы жазылган. Чечимди Москва шаарындагы Красносельский районунун Миграция маселелери боюнча бөлүмү чыгарган.

Документте бул чечим 1996-жылдагы №114-ФЗ «Орусия Федерациясынын аймагынан чыгуу жана кирүү тартиби жөнүндө» мыйзамынын 12-беренесинин 1-бөлүгүнүн 27-пунктунун негизинде кабыл алынганы көрсөтүлгөн.

Бул берене боюнча чет элдик жаранга өлкөгө кирүүгө тыюу салуу төмөнкү учурларда колдонулат:

  • Мамлекеттик коопсуздук же коомдук тартип үчүн коркунуч жаралса;
  • Эгер адамга карата административдик депортация, өлкөдөн чыгаруу чечими кабыл алынса 5 жылга чейин кирүүгө тыюу салынат;
  • Мыйзамда каралган башка учурларда да колдонулат.

Айзууранын кызы Москвадагы мектепте 1-класстан бери окуган. Быйыл 5-класска көчкөн. Уулу 3-класска көчмөк. Күйөөсү менен улуу кызы Москвада калган, ал университетке тапшырып жатат. Өзү учурда кичүү балдары менен Кыргызстанда жүрөт.

«Мага "Сотко бериңиз, даттаныңыз, ТИМге кайрылыңыз" дешти. Бирок бул жолдордон майнап чыгарына ишенбей жатам. Москвада ушунчалык коркунучтуу окуялар көп болуп жатат. Мени да эки жолу "кара тизмеге" киргизишкен. Эмне үчүн киргизгенин өзүм түшүнгөн эмесмин. Мигранттарга колдоо жок. Мамлекет жарандары үчүн чындап аракет кылмайынча эч нерсе өзгөрбөйт. Европага виза алып киресиң, эч ким тийишпейт. Азыр болсо Орусияда каалаганын депортациялап, кирүүгө тыюу салып жатышат. Биздин жарандар алдын ала балдардын маалыматын текшерип, чыгууга уруксаты бар-жогун билип турушу керек. Анткени азыр болуп жаткан нерселер акылга сыйбайт. Бул ата-эне үчүн гана эмес, бала үчүн да чоң стресс», — дейт ал.

Кыргызстандын Орусиядагы башкы консулу Бакыт Асаналиев “Азаттыкка” буга чейин "кара тизмеге" киргендердин арасында жашы жете элек балдар бар экенин айткан:

Бакыт Асаналиев.
Бакыт Асаналиев.

“Реестрге түшкөн жарандардын 30 пайызы балдар. Биздин жарандар балдарды каттоого койгон эмес, тийиштүү медкароо, манжа изин тапшыруу, сүрөткө түшүрүү процедуралардан өткөн эмес. Ошондуктан реестрге түшүп калган балдар дагы көп. Кезек маселелери дагы бар. Аны чечүү үчүн бардык деңгээлде сүйлөшүүлөр жүрүп жатат”, - деди Асаналиев.


Мигранттар менен иштеген юрист Мирлан Токтобеков соңку кездери кыргызстандык үй-бүлөлөрдүн балдары "кара тизмеге" кирип калган учурлар катталып жатканынбелгиледи:

Мирлан Токтобеков.
Мирлан Токтобеков.

«Орусиянын мыйзамдары боюнча "миграциялык мыйзамды бузду" деген негизде жашы жете элек балдарды "кара тизмеге" киргизүү туура эмес. Мыйзамда мындай норма жок. Бирок акыркы учурда айрым жашы жете элек кыргызстандык балдарга саламаттыгына байланыштуу же башка себептер менен депортация чечими чыгып жатат. Бирок чек ара кызматкерлери так түшүндүрмө берип, мыйзамдуу негизди көрсөтүшү керек. Миграция мыйзамдары боюнча жоопкерчилик ата-энеге жүктөлөт. Баланын өзүнө тыюу салуу түшүнүксүз көрүнүш».

Учурда бул өлкөдө мыйзам бузган же реестрге түшкөн 800 миңдей чет элдик жаран чыгып кете элек. Алардын ичинде 80-90 миң кыргызстандык “кара тизмеде” калууда. Орусия бийлиги аларды 10-сентябрдан кийин депортация кыларын эскертүүдө.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) кыргыз жарандарына көмөк көрсөтүү үчүн Москвага кошумча кызматкерлерин жөнөткөн.

Быйыл 5-февралда Орусияда миграциялык жаңы укуктук режим киргизилген. Ага ылайык, өлкөдө жашоого жана жүрүүгө мыйзамдуу негизи жок чет элдиктер чыгып кетүүгө тийиш. Ички иштер органдары жана соттор чет элдик жарандарды айрым укук бузуулар үчүн депортациялоого укуктуу.

Мыйзамсыз жүргөн мигранттарга алгач 30-апрелге чейин өлкөдөн чыгуу мөөнөтү берилген. Дипломатиялык сүйлөшүүлөрдөн кийин бул мөөнөт 10-сентябрга чейин узартылган.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

Шерине

XS
SM
MD
LG