Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Август, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:25

Нарын: Машинеси менен дарыяга түшүп кеткен айдоочуну 200гө жакын адам издеп жатат


Дарыяга түшүп кеткен машине.
Дарыяга түшүп кеткен машине.

Нарын районундагы Нарын – Оруктам автоунаа жолундагы “Куюш” көпүрөсүнөн оор жүк ташыган машинеси менен сууга түшүп кеткен айдоочуну издөө иштерине 15-августта 200гө жакын адам тартылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) маалыматына караганда, министрликтин Нарын облусу боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары жетектеген 47 куткаруучу төрт дрон менен, Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунан ыкчам топ бир дрон менен чыкты. Андан тышкары Ак-Талаа райондук №47 өрт-куткаруу бөлүгүнөн алты куткаруучу, жергиликтүү тургундардан 36 адам, Ички иштер министрлигинен (ИИМ) 43 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 64 адам издөө иштерине тартылды.

13-августта Нарын районундагы Эки-Нарын айылын облус борбору менен байланыштырган көпүрө кулап, КамАЗдын айдоочусу сууга агып кеткен.

Жергиликтүү тургундар көпүрөнүн коопсуздук шарттарына жооп бербей калганы тууралуу бийлик органдарына бир нече жолу кайрылганын, бирок убагында чара көрүлбөгөнүн айтышууда.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги бул көпүрө аркылуу оор жүк ташуучу машинелерге чектөө коюлганын, айдоочу ага карабастан көпүрөдөн өткөнүн билдирүүдө. Мекеме көпүрөнү оңдоого 5-августта тендер жарыяланып, 11-августта өткөрүлгөнүн, ушул тапта иштер жүрүп жатканын кошумчалады. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG