Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Август, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:13

Орусиянын бир нече шаары аба чабуулуна кабылды


Сүрөт Белгород облусунун губернатору Вячеслав Гладковдун Телеграм каналына жарыяланган видеодон алынды. 14-август, 2025-жыл.
Сүрөт Белгород облусунун губернатору Вячеслав Гладковдун Телеграм каналына жарыяланган видеодон алынды. 14-август, 2025-жыл.

РБК маалымат агенттиги билдиргендей, Белгород шаарынын борбору аскердик курчоого алынып, атышуу, жардыруулардын үнү угулуп жатат. Бейшембиде эртең менен шаар дрондордун чабуулуна кабылды. Облустук администрациянын кеңсеси, борбордук бөлүктөгү дагы башка имараттар бутага алынып, учкучсуз "Дартс" аппараты, дрондор тийген бир нече курулуш жай жарака алганы кабарланууда. Облус губернатору Вячеслав Гладков бейшембиде эртең менен көчөдө бараткан машинеге дрон тийип, үч киши жараат алганын, бул күнкүдөй жапырт чабуулга шаар буга чейин кабылып көрбөгөнүн жазды. Маалыматка караганда, өкмөттүк мекемелер үйдөн иштөөгө өтүп, соода түйүндөрү, башка коомдук жайлар жабык турат.

Ушул эле күнү Ростов-на-Дону шаарында дрондун чабуулуан 13 киши жараат алганы кабарланды. Шаардын борборунда бир нече көп кабаттуу үй жарака алып, жашоочулар башка жактарга эвакуацияланды.

Шерине

XS
SM
MD
LG