Варшавадагы улуттук стадиондо беларус рэпери Макс Корждун концерти маалында чыккан башаламандыктан улам Польшанын бийлиги 57 украин жана алты беларус жаранын өлкөдөн чыгаруу чечимин кабыл алды.
"Ошол эле маалда Польшада антиукраиналык маанай жайылып кетишине жол берилбейт", - деп белгиледи Польшанын премьер-министри Дональд Туск.
Жаштар арасында популярдуу беларус рэпери Макс Корж өткөн дем алыш күндөрү Варшавада концерт берген. Концерт маалында тартылган видеолордо украин жараны Экинчи дүйнөлүк согуш маалында поляктарды өлтүрүүгө да айыпталган Украина козголоңчул армиясынын желегин көтөрүп жүргөнүн көрүүгө болот.
"Мындан ары Украинанын бийликтери да бул өлкөнүн жарандары поляктарга каршы кайсы бир керексиз кадамдарга барышына жол бербейт деп ишенебиз", - деди Туск.
Андай желекти көтөрүп жүргөн украин жараны кийин поляктардан кечирим сурап видео таратып, ал кадамдын тарыхый маанисине көңүл бурбай, өз мекенин колдоо максатында алып барганын айткан.
Польшанын полициясы концерт маалындагы башаламандык, айрым агрессиялык аракеттер, коомдук тартипти коргоо күчтөрүнө көрсөткөн каршылыгы үчүн жалпы 109 кишини кармаган.
Шерине