Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Август, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:05

Кыргызстанда 2021-жылдан бери 2500ге жакын чакырым жолго асфальт төшөлдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда 2021-жылдан ушул күнгө чейин транспорт жана жол тармагына 101,7 млрд сомдон ашык каражат бөлүнгөн.

Ага 3 048 чакырымдан ашык жол жана жасалма курулмалар курулуп, 2 453 км жолго асфальт төшөлдү. Бул тууралуу 12-августта Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин коллегиясында айтылды.

Транспорт тармагынан 523 млн 534 миң сом киреше түшкөн.

Кыргызстанда соңку жылдары жер-жерлерде, анын ичинде Бишкек шаарында бир катар жолдор жасалып жатат. Бирок айрым жолдор тез эле жарактан чыгып, сапаты начар болуп жатканы тууралуу сындар айтылып келет. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG