Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Август, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:57

АКШ Трамп жолугушууну Путин суранганын билдирди


АКШ президенти Дональд Трамп Путин суранычы боюнча аны менен жолуккан жатат. Бул туурасында Ак үйдүн маалымат катчысы Кэролайн Ливитт билдирди.

Ал мындай маалыматты Аляскада өтчү жолугушууга эмне себептен украин президенти Владимир Зеленский чакырылган жок деген суроого жооп берип жатып шардана кылды.

“Путин Москвага сапар менен барган АКШ президентинин чабарманы Стив Уиткофф аркылуу жолугушууну суранган. Ошондуктан АКШ президенти Путиндин өтүнүчүнүн негизинде жолугушууга макул болду. Бул жолугушуунун максаты согушту токтотуу үчүн эмне кыла аларыбызды аңдап түшүнүү”- деди Ливитт.

Ак Үйдүн өкүлү жолугушуу Аляскадагы Анкоридж шаарында өтөрүн ырастады.

12-августта АКШ мамлекеттик катчысы Марко Рубио менен орус тышкы иштери министри Сергей Лавров эки президенттин жолугушуусун уюштуруу боюнча телефондон талкуулаган.

Шерине

XS
SM
MD
LG