Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Август, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:46

Трамп орус жана украин президенттеринин жолугушуусун уюштурууну максат кыларын билдирди


АКШнын президенти Дональд Трамп ушул аптада күтүлүп жаткан орус президенти Владимир Путин менен жолугушуудагы башкы максаты Украинадагы согушту токтотуу экенин айтты. Бул тууралуу дүйшөмбү күнкү маалымат жыйынында билдирди. Трамптын айтымында, учурда согушуп жаткан эки өлкөнүн башчыларынын жолугушуусун уюштурууну көздөп жатат.

“Акыр-аягында мен аларды бир бөлмөгө киргизип, жолуктурам. Ал жерге мен катышышым мүмкүн, балким катышпайм. Бирок мен (жаңжалды) чечебиз деп ойлойм”, - деп билдирди.

Дональд Трамп 15-августка белгиленген Путин менен жолугушуу сыноо иретинде болорун кошумчалады. Кошмо Штаттардын лидери Украина менен Орусиянын ортосундагы арачылык аракеттерди токтотуп коюшу мүмкүн экенин четке каккан жок. Бирок Украинадагы согушту токтотуу үчүн жолугушууларды уюштуруп жатканын, анын жүрүшүндө айрым аймактарды алмашуу да болушу мүмкүндүгүн билдирди. Трамп бул келишим эки тарапка тең ыңгайлуу болушу керектигин тактады.

Буга чейин Владимир Зеленский Украина өз аймагын кимдир-бирөөнө бербей турганын билдирген эле.

АКШнын президенти Дональд Трамп менен Орусиянын президенти Владимир Путин 15-августта Альяскада жолугары кабарланган. Анда Украинадагы согушту токтотуу боюнча сүйлөшүү болору күтүлүүдө. АКШ жана Орусиянын лидерлеринин жолугушуусу тууралуу сөз өткөн аптада АКШнын атайын өкүлү Стив Уиткофф Москвага барып, Путин менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөн соң айтылган.


Шерине

XS
SM
MD
LG