Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Август, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:01

Орус армиясы Донецкиде алдыга жылды, бир нече шаарда аэропорттор жабылды


Орусиянын дрондору Белозерское шаарындагы көп кабаттуу үйгө тийди. 11-август, 2025-жыл.
Орусиянын дрондору Белозерское шаарындагы көп кабаттуу үйгө тийди. 11-август, 2025-жыл.

Украинанын чалгындоо башкармалыгынын дрондору Орусиянын Оренбург шаарындагы ракеталарды даярдоодо керектелчү гелий өндүргөн заводду бутага алышты.

Жергиликтүү тургундар өткөн түнү завод тарапта жарылуу болуп, ал жакка барчу жолдор жабылганын кабарлашты. Жергиликтүү бийликтер окуяны ырастаган жок.

12-августта Оренбург, Казань, Саратов, Нижний Новгород, Нижнекамск, Пензада аэропорттор убактылуу жабылганы Телеграмда кабарланды. Буга чейин да бир катар шаарларга аба каттамдары токтотулган. Бийликтер учуу коопсуздугу камсыздалмайынча ушундай чечим кабыл алышканын маалымдашты.

Украинанын маалымат каражаттары орус армиясы Донецк облусундагы Покровск багытында 11 чакырымдай алдыга жылып, Краматорск шаарына барчу жолду да бууп салганын билдиришти.

"Покровск, Мирноград шаарлары орус аскерлеринин курчоосунда калды. Кризистик кырдаал түзүлдү", - деп жазды украин аскер штабынын өкүлү Телеграм каналындагы баракчага.

Дүйшөмбүдө кечинде орус армиясынын Донецк облусундагы Белозерское шаарындагы көп кабаттуу үйгө тийген дрон чабуулунан кеминде эки жай турган каза болуп, дагы он чакты киши, арасында жаш балдар жарадар болгону кабарланды.

Шерине

XS
SM
MD
LG