Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Август, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:56

Арменияда кармалган тажик активисти бошотулду


Тажик оппозициячысы Исмаил Холов Грузияда башпаанек сураган.
Тажик оппозициячысы Исмаил Холов Грузияда башпаанек сураган.

5-августта Арменияга барганда чек арада кармалган тажик оппозициячысы Исмаил Холов жума күнү бошотулганын өзү журналисттерге билдирди. 44 жаштагы Холов мекени Тажикстанда "тыюу салынган уюмдар, шектүү жарандар менен байланышы" үчүн иш ачылып, издөөгө алынган.

2011-жылдан бери Орусияда жашаган Холов эки жыл мурун ал жакта кысым-басым күчөп кеткенде чыгып кеткен. Бозгундагы тажик оппозициячылары түзгөн Group 24 тобуна кошулуп, ишмердигине аралашканы үчүн активист 2018-жылы Орусияда кармалып, алты айдай абакта отуруп чыккан. Андан көп узабай Холовдун оппозициячыл топко алданып кошулуп калганын айткан видеосу тарап, кийин ал өмүрүнүн коопсуздугунан коркуп, кысым алдында ошондой билдирүү жасаганын айткан.

Армениянын Ички иштер министрлиги тажик оппозициячысы Грузиядан келатып чек арада кармалганын, расмий Душанбе эч кандай документ, же Холовдун ишине байланыштуу тастыктоочу маалымат жөнөтпөгөндүктөн ал 8-августта бошотулганын ырастады.

Шерине

XS
SM
MD
LG