Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Август, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:37

Бир катар мамлекеттер Израилди Газаны оккупациялоо планынан баш тартууга үндөштү


Израил армиясынын аскерлери Газа тилкеси менен чек арада турушат. 25-июль, 2025-жыл.
Израил армиясынын аскерлери Газа тилкеси менен чек арада турушат. 25-июль, 2025-жыл.

Сауд Арабия, Египет, Иордания жума күнү Израилдин Газа тилкесин көзөмөлүнө алып, палестиндерди эвакуациялоо планын айыптап, андай аракеттер кырдаалды курчутаарын эскертишти. Кытайдын Тышкы иштер министрлиги Тель-Авивдин кооптуу планы терең тынчсыздануу жаратканын белгилеп, андай ниеттен тез арада кайтууга чакырды. Европа Комиссиясынын президенти Урсула фон дер Ляйен да үн кошуп, Израилди планын кайра карап чыгууга ундөп, ок атууну токтотуу зарыл экенине басым жасады.

Германиянын канцлери Фридрих Мерц мындан ары Газада колдонушу мүмкүн болгон курал-жарак Израилге сатылбай турганын жарыялады. Германия - Израилге аскердик техника, курал-жарак экспорттоо жагынан АКШдан кийинки 2-орунду ээлейт. Палестина бийлиги Израилдин пландалып жаткан кеңири аскердик операциясы болуп көрбөгөндөй гуманитардык алааматка алып келээрин айтса, Батышта террордук уюм деп табылган Хамас кыймылы Израилдин Газаны толук оккупациялоо аракетинин куну "өтө кымбатка" тураарын эскертти.

Шерине

XS
SM
MD
LG