Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатиев 7-августтагы онлайн кеңешмеде сексуалдык ыдык көрсөткөн деген судьялардын атын ачык атады. Сатиев этикага туура келбеген бул аракеттер жалпы сот тутумуна көлөкө түшүрүп жатканын белгиледи. Төраганын кеңешмедеги видеосун басма сөз кызматы жарыялады.
“Кээ бир судьялардын мыйзамсыз аракеттери жана этикага каршы жүрүм-турумдары жалпы сот системасынын аброюна көлөкө түшүрүүдө. Мисалга алсак, жакында эле Октябрь райондук сотунун судьясы Жаркынбек Кыдырбаевге байланыштуу ЖМКга чыккан маалымат коомчулукта терс пикирди жаратты. Сот отурмунун катчысына ыплас мамиле жасаганы үчүн ага кылмыш иши козголду. Дагы бир мисал. Ош облусунун Өзгөн районунун судьясы Ниязбек Калматов дагы арыз бергени келген жаш келинге ыплас мамиле кылганы үчүн Судьялар кеңеши ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу түрүндөгү тартип жазасын колдонду”, - деди Сатиев.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комтитети (УКМК) 29-июлда Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясына карата кылмыш иши козголгонун билдирген. Атайын кызмат К.Ж.С. аттуу судья соттун катчысына “WhatsApp мессенжери аркылуу интимдик мүнөздөгү билдирүүлөрдү жөнөтүп, ар кандай терс сунуштар менен аны сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлаган” деп билдирген.
Судьяга карата Кылмыш-жаза кодексинин 156-беренеси (“Сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо”) боюнча кылмыш иши козголгон. Ош облусунун Өзгөн районунун судьясы боюнча расмий маалымат берилген эмес. (TSh)
Шерине